Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

ШВЕЙЦАРИЯЛЫК ИЛИКТӨӨЧҮ: ЕВРОПАДА АКШнын ЖАШЫРУУН АБАКТАРЫ БАР


Айданбек Акмат уулу, Прага шаары Швейцариялык иликтөөчү Дик Марти АКШнын жашыруун абактары Европада бардыгына жана аны менен Европа өкмөттөрүнүн байланышта экенине көзү жетип турганын билдирди. Швейцариялык парламентарий Марти Европа Кеңешинин сунушу менен бул маселени иликтеп чыккандан кийин ушундай жыйынтыкка келген.

Кошмо Штаттардын Борбордук чалгындоо кызматынын (СIA) Европа мамлекеттеринде жашыруун абактары бардыгы тууралуу маалымат алгачкы жолу өткөн жылы ноябрь айында жарыяланган.

АКШнын маалымат каражаттары Борбордук чалгындоо кызматы Чыгыш Европа мамлекттеринде жашыруун абактарда айрым шектүү адамдарды кармап тургандыгы жана аларды Европа аркылуу ары-бери ташыгандыгы тууралуу жазып чыккан.

Андан көп узабай эле «Хьюман райт уотч» уюму АКШнын жашыруун абактары Румыния жана Польшада болушу ыктымал деп билдирип чыкты. Эки мамлекет тең бул шектенүүнү төгүндөөгө шашылышты, Бирок Европа Кеңеши маалыматты расмий түрдө иликтөө чечимин кабыл алды.

Мына ошол чечимдин негизинде иликтөө ишин жүргүзгөн швейцариялык либерал парламентарий Дик Марти (Dick Marty – анын жогорудагы сүрөтү Reuters кабар агенттигине таандык) жашыруун абактар тууралуу маалыматтар чындыкка төп экенине өз ишеничин билдирди:

- Менин оюмча маселе бир эле Польша жана Румыния менен чектелбейт. Мындай болгондо биз эки мамлкетти күнөөлөө менен чектелип тим калабыз. А бул кыңыр ишти чындыгында бүткүл Европа билип, бирок ооз ачпай отурган, - деди Дик Марти.

Америка Кошмо Штаттары болсо Европа аймагындагы жашыруун абактары тууралуу маалыматтарды тастыктай да, төгүндөй да элек. Өткөн айда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Европага сапары учурунда да “жабылуу аяк жабылуу” бойдон калган.

Дик Марти жашыруун абактардын бардыгын далилдеген фактылар азыр колунда жок экенин белгилеп, бирок анын иликтөөсү 12 айга созулаарын жана бул иш-чара үчүн көбүрөөк күбөлөрдү табууга аракет жасаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG