Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Улуттук олимпиада комитетинин жетекчисин шайлоого бийлик кийлигишпейт


БИШКЕК. Олимпиадалык хартиянын принциптерин урматтап, Улуттук олимпиадалык комитеттин жетекчилигин түзүү маселесине өкмөт, президенттик администрация кийлигишпейт. Эл аралык олимпиада комитетинин талаптарына ылайык спорт коомчулугу бул маселени татыктуу чечерине ишеним бар. Эл аралык олимпиадалык комитетке мүчө мамлекеттердин катарында Өлкөнүн Улуттук олимпиадалык комитетинин абройун көтөрүү максатында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бардык аракеттерин жасайт. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Бектур Асанов 15-январда “Азаттыкка” билдирди.

5-январда Улуттук Олимпиада комитетинин башкы Ассамблеясы болуп анда аталган комитеттин жетекчиси шайланмак. Тилекке каршы жыйында чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын жетекчиси, дене тарбия жана спорт агенттигинин аппарат башчысы Кадыр Атагараевдин жүрөгү токтоп калып, күтүүсүздөн каза болгон. Ага байланыштуу Ассамблеянын иши аягына чыкпай калган. Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине талапкер, белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев 8-январда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Улуттук олимпиадалык комитеттин президентин шайлоого байланыштуу маселе коомчулукта жана чет мамлекеттик спорт чөйрөсүндө ар кандай пикирлерди жаратууда.

XS
SM
MD
LG