Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

ИРАНДЫН ЯДРОЛУК ЧАТАГЫН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ КАРАЙТ


Жаңыл Жусупжан кызы, Прага Иран өзүнүн ядролук программасы боюнча Евросоюз менен сүйлөшүүсүн улантууга дале даяр экендигин айтыуууда. Ошол эле мезгилде бул маселе Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине жиберилсе, БУУнун атомдук көзөмөлдөөчүлөрү менен иштешүүдөн баш тартаарын эскертти. Кырдаалды келерки аптада Коопсуздук Кеңеши караганы жатат.

Кошмо Штаттары жана Евросоюздун эң ири үч өлкөсү болгон Германия, Франция жана Британия Иран менен сүйлөшүү туңгуюкка кептелип калды деп эсептешет. Ушундан улам маселени Коопсуздук Кеңешинин кароосуна жиберүү суроосу кабыргасынан коюлууда.

Вашингтондо АКШнын президенти Жорж Буш коноктоп келген Германиянын канцлери Ангела Меркел менен кеңешип, президенти Израилди картадан өчүрүп салыш керек деп эсептеген өлкөгө эч кандай ядролук программага жол берилбеши керек деген бүтүмгө келишти.

Биз жаңы, дипломатиялык баскычка өтүп жатабыз. Евросоюздун үч өлкөсү сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин айтышууда. Азыр эми биз маселени Эл аралык Атомдук Энергетика агенттиги Магатенин директорлор кеңешине, кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жиберүүнү чечишибиз керек,- деди АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Шон МакКормак.

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад мунун алдында кабарчылар менен жолугушуп, Ирандын тынчтык максатта ядролук технология жаатында изилдөө жүргүзүүгө укугу бар деп кайталады. Бул Ахмединежаддын жайында бийликке келгенден бери болгону экинчи жолку пресс-конференциясы. Ал "Иран ядролук куралга таңсык эмес, аны каалабайт да" деп бир нече жолу айтты.

Ахмединежад ошондой эле эгер Кошмо Штаттары жана европалыктар Бириккен Улуттар аркылуу санкция киргизүүгө аракеттенсе, ал өлкөлөргө Иран мунай экспортун чектеп коюшу мүмкүн экендигин каңкуулады:

Биздин өзүбүздү коргоого алыбыз келет. Иранга сөз тийгизип, мыйзамсыз коркутууларды айтып жаткандар биз менен мамилеге бизге караганда 10 эсе көбүрөөк муктаж,- деп айтты Ирандын президенти.

Жекшембиде Иран чатакты сүйлөшүү жолу менен гана чечиш керек деп чыкты. Ошол эле мезгилде тышкы иштер министринин маалымат катчысы Хамид Реза Асефи мындан эки жыл мурда токтотулган ядролук изилдөөнүн жакында кайра башталышын туура кадам деп мүнөздөдү. Асефи эл аралык санкциялар коркунучун четке кагып, маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешине жиберүүгө мыйзамдык негиз жок деп айтты.

XS
SM
MD
LG