Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

УКУК КОРГООЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН АБАЛЫНА КАБАТЫР


Азиза Турдуева, Бишкек Айрым саясатчылардын жана укук коргоочулардын пикиринде, Кыргызстанда март ыңклабынан кийин сөз эркиндиги чектеле баштады. Ал эми президенттин администрациясынын өкүлдөрү мындай көз караштарга макул эмес. Укук коргочулар өлкөдө сөз эркиндигин камсыз кылууну Улуттук телеканалды коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу менен да байланыштырышууда.

Бир катар саясатчылар менен укук коргоочулар март айынан кийин келген бийлик тарабынан да өлкөдө сөз эркиндигине кысым көрсөтүлө баштагандыгын белгилешүүдө. Айрым укук коргоочулардын көз карашында март ыңкылабынын себептеринин бири маалымат каражаттарын, өзгөчө КТРди бийлик тарабынан жеке кызыкчылыгында пайдаланылгандыгы болгондугуна карабастан, өлкөдө сөз эркиндиги тармагында олуттуу өзгөрүүлөр орун алган жок. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова да ушундай көз карашта:

Азыр эми март революциясынан кийин сөз эркиндигине кеңир жол ачылды деп айтууга болбойт. ОШТВнын коомдук болуп аталып калышы болбосо, калганы мурдагыдай эле. Ал эми прокуратура органдарынын журналисттер менен саясатчыларга эскертүү берип жатышын биз сөз эркиндигине кысым катары бааласа болот.

Кыргызстан улуттук патриоттук кыймылынын тең төрагасы Болот Байкожоев болсо, марттан кийин сөз эркиндиги тармагында тоталитардык режимдерге таандык абал орун ала баштады деп эсептейт:

Март ыңклабынан бери сөз эркиндиги тармагында мурдагы режимдеги абаога салыштырмалуу өзгөрүүлөр байкалган жок. Тескерисинче, прокуратура органдары адамдарды коркута баштады, эскертүү бере баштады. Бул тоталитардык, авторитардык режимдерге таандык көрүнүштөр болуп эсептелет .

Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо, март ыңкылабынан кийин Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан жогору бааланып жактандыгын белгиледи:

Март революциясынан кийин биздин өлкөдө сөз эркиндиги жогору деңгээлде болуп жаткандыгына эл, эл аралык укук коргоо уюмдары күбө. Мындай жагдай эл аралык укук коргоо уюмдарынын көз карандысыз иликтөөлөрүндө да чагылдырылып жатат. Мындай иликтөөлөр жергиликтүү укук коргоо уюмдары тарабынан да жүргүзүлүүдө жана аларда да сөз эркиндиги жогору деңгээлде болуп жактандыгы белгиленүүдө , - дейт Досалы Эсеналиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов шаардык прокуратуранын Курманбек Бакиевдин абийирине, ар-намысына шек келтирди деген негиздеме менен Бишкек шаардык прокуратурасы өткөн аптада бир катар журналисттер менен саясатчыларга карата эскертүү жасагандыгын кысым көрсөтүү, сөз эркиндигин чектөө аракети катары баалады:
-Бул ошол өткөн жылдын аягында башкы прокурордун атуулдардын Конституцияда жазылган эң башкы укуктарынын бири болгон пикет, митингдерге чыгуу укугун чектөө боюнча сунуштарына саясий баа берилбегендигинен келип чыгып жатат , - деди Кубатбек Байболов.

Президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов прокуратура органдарынын айрым журналисттер менен саясатчыларга эскертүү жасагандыгын сөз эркиндигин кысым катары баалоо негизсиз дейт:
-Шаардык прокурордун эскертүүлөрүн сөз эркиндигин чектөө катары бааласа болбойт. Анткени, бизде маалымат кызматтарынын кыймыл-аракеттери Кыргызстандын атайын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Ал эми шаардык прокурор У. Каримовдун аракетинде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, анда ошол тараптар сотко кайрылышы керек.

Кыргызстандагы сасяачылардын жана укук коргоочулардын көпчүлүгү өлкөдөгү сөз эркиндигин камсыз кылуу Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясын реформалоо менен да байланыштуу экендигин айтып келишет.

-Өткөн жылдын соңунда Кыргыз парламенти Улуттук телерадиокорпорация тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алган. Жаңы жылда мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүшү күтүлүүдө. Жаңы мыйзам долбоорунда талаш-тартыштарды жараткан маселелердин бири - коомдук телекөрсөтүүнүн жетекчисин өлкө президенти өзү дайындап, кызматтан алышы, байкоочулар кеңеш курамын да мамлекет башчынын өз жарлыгы менен бекитиши кирип калгандыгына байланыштуу,- дейт укук коргоочу Азиза Абдрасулова.

Улуттук телерадиокорпорациясынын президенти Кыяс Молдокасымов да аталган корпорацияны эртеби-кечпи коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу зарыл деген көз карашта:

Азырынча УТРКны коомдук телевидениеге дароо өткөрүү кыйын. Анын белгилүү тартиптери бар. Бирок, келечекте улуттук телевидение сөзсүз коомдук телевидениеге айланышы керек. Азыр мен ушул жылдын аягына чейин коомдук телевидениенин форматына өткөрүү иштерин ишке ашырууну сунуштап жатамын .
XS
SM
MD
LG