Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

МОНГОЛСТАН ПАРЛАМЕНТИ ӨЛКӨНҮН ӨКҮМӨТҮН ТАРКАТУУГА АРГАСЫЗ БОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Монголстанда элдик-ыңкылаптык партиясы (МНРП) бирге иштешип келаткан партияны жангыз калтырып коалициядан чыгып кеткенден кийин саясий башаламандык башталган. Аны менен бирге иштешкен «Мекен – Демократия» партиясы нааразылык билдирип, анын жаатташтары ордо калаанын көчөлөрүнө чыгуу уюштурган. 13-январь жума күнү коопсуздук күчүнүн жардамы менен Улан-Батордо нааразылык актыларын тыйып, коомдук тартипти калыбына келтирүү болгон. Ошол эле күнү өлкөнүн Улуу хуралы (МНРП) Монголстан элдик-ыңкылаптык партиясына мүчө 10 министрдин кызматтан өздөрү кеткендигине байланыштуу коалициялык өкүмөттү таркатуу чечимин кабылдаган.

Эки жарым миллион эли бар монголдор өлкөсүндө эң ири партия баатыр улан Сухэнин тушунда 1920-жылы эле уюшулган Монголстан элдик-ыңкылаптык партиясы (МНРП) болуп эсептелет. Ал 2004 жылдан бери өлкөдө башкаруучу жигерде келатат. Анын катарынан азыркы Монголстан президенти Нямбарын Энхбаяр чыккан.
Экинчи орунда «Мекенибиз - Демократия» аталышта партиясы келет. Анын лидери Цахиагийн Элбегдорж азыр өлкөнүн өкүмөт башчысы. Эки партия жеринен өз алдынча өкүмөт түзүүгө тырышып келатышат, бирок ташы жетпегендиктен мындан 15 ай мурда ыркка көнүшүп биргелеш өкүмөт түзүшкөн. 18 министрдик орундун онун элдик партия, сегизин демократтар ээлешкен.
Монголстандагы саясий башаламандык 11-январда элдик партиянын мүчөлөрү өлкөдөгү күчөп бараткан жакырчылыкты жоюу, паракорчулукту жеңүү өкүмөт колунан келбейт дегенден кийин башталган. Ошондон соң МНРПлик 10 министр кызматтан кетүү тууралуу арыздарын жазышкан. Демократиялык партия, «Жарандар эрки», «Чечкиндүү реформа үчүн» кыймылдары 2 миңдей киши менен көчөгө чыгуу уюштуруп, жер-жерлерде элдик партия атка минерлери паракорчулук менен күрөшүүгө жол бербей атышат деп МНРПга кине коюшат. Ошол эле күнү алар элдик-ыңкылаптык партиянын баш кенсесин басып алышат. Өкүмөттү таркатуу чечимин жойдурасың, Улуу хуралды таркатасың деген талаптарды коюшат. Имаратты каратып алып атканда эшик, терезелер айнектерин күбүп жана имарат ичине киргенде алар өлкө жетекчилигин кармап алуу аракети менен ал жерге кыйла тополоң салгандыгын агенттиктер айтышат.

Мына ушундан соң, жума күнү Улуу курал олтуруму биргелеш уюшулган өкүмөттү таркатуу маселесин карап, 76 депутаттын 39 ага «макул» деп кол көтөрүшкөн.

Монголстандагы саясий кризис туурасында орусиялык басылмалар «түстүү ыңкылаптар эпкини Улан-Баторго жетти», - деп түшүндүрүүдө. Биз пикирлешкен орусиялык тарыхчы Артем Улунян болжолунда мурдагы коомдук саясий түзүлүштөр менен жаңы мамлекеттик институттар ортосунда карама каршылык ушундай башаламандыкты жараткан:

-Бул көп жагынан Кыргызстанда болуп өткөн жагдайга окшош. Айырмасы гана Монголстандын элдик ыңкылаптык партиясы мурдагыдай эле башкарганын улап келет, ал эми Кыргызстанда болсо коммунисттик партия күчү небак жок болгон. Бул жерде нааразы болушкан калктын көпчүлүгү менен кландык топтор жүргүзүп аткан саясат ортосунда күрөш болуп атат. Ал күрөштүн негизги максаты – бийликтин институттарын баштан аяк алмаштырып азыр колдо бар түзүлүштү мындан жандуураак демократиялык түзүлүшкө айландыруу аракети болуп атат, - дейт Артем Улунян мырза.

«Независимая газета» Монголстанда саясий кризиске арналган макаласын: «Түстүү ыңкылаптар Азиянын борборуна жетти. Кечөө Улан-Батордо мурунку жылы Кыргызстанда көз жарган жоогазын ыңкылабын эске салган окуя болду», - деп баштайт.

XS
SM
MD
LG