Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

ЧЕГАРАДА СОХ АНКЛАВЫНДА КЫРГЫЗ ЖҮРГҮНЧҮЛӨРҮ ТОНОЛДУ


Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавында 15-январда кечинде Ош-Баткен каттамындагы жүргүнчүлөрдү тоноолор орун алды.

Кардын калың түшкөндүгүнөн улам Сох районуна караштуу Калла айылынын аймагындагы Кыргызстандын автомашиналары жолдун өйдөлүш аралыгында чыга албай калышкан. Жардамга бир топ өзбек атуулдары келишкен. Алардын арасында 10 чакты өспүрум балдар бейбаштык кылып, жүргүнчүлөрдүн буюм- тайымдарын уурдап алышкан. Кээ бири айдоочуларга кол салууга чейин барган.

Бул туурасында окуянын күбөсү болгон Баткендик өзүн Батма деп тааныштырган аял айтып берди:

-Мен Оштон келаткам, таксиде. Сохго кирип, сайдан өткөндөгү өргө келгенибизде машинабыз тайып, биз түшүп түртүп калдык. Кечки саат тогуз жарым )эле. Көпүрөнүн үстүндө он – он беш чакты өзбекстандык милиционерлер туруптур. Анан жаш уландар көп экен. Алар бизге жардам берип түртүшүп калды. Карасам бири багажникти ачып колун салып жатыптыр. Мен кармаганга ыңгайсыз болуп жатса керек деп ойлодум. Кийин эле бир экөө түртүп, башкалары биздин чөнтөгүбүзгө колдорун салып бир деме издешти. Бирөөсү менин бутумдан кармады. Мен аны урушуп түртүп салдым. Биз ошентип чыгып кеттик. Баткенге чыга бергендеги Чечме постуна келип токтосок, ошол жерде чек ара кызматкерлери сурашты эч ким тийишпедиби деп. Көрсө, жолдогу өзбек балдар бизден башка машиналарга да тийишип, бир шоопурду уруп, ачкычын алып койушуптур. Маршруткада келаткан бир аялдын сумкасын тартып алышыптыр. Аңгыча, УАЗ машинасы келди, Фергана облустук милициянын начальнигинин орун басарыныкы экен. Ал сумкасын тарттырып жиберген аялды чакырып эмне болгонун сурап калды. Биз келе бердик. Иши кылса, көп эле машинага кол саган окшойт да, себеби аябай көп милиционерлер жолду ар жерде кайтарып жүрөт. Анан Сохдон өткүчө эле жаш балдар биздин машинага кар атып жатышты. Бирөөсү таш да ыргытты,- деди Баткендик Батма.

Баткен райондук ички иштер бөлүмү да, Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облустук башкармалыгы да бул окуялардан эч кабары жок экенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG