Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Ажылык сапарды уюштурууну мамлекет өз колуна алат


БИШКЕК. Кыргызстандык мусулмандардын ажылык сапарын уюштурууну дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берүү тууралуу токтом даярдалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров билдирди. Депутаттын айтымында, мындай кадам ажылык сапарды уюштурууга байланышкан баш аламандыкка чек коет. Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук, укук тартиби комитетинин төрагасы, депутат Рашид Тагаев, депутат Давран Сабиров ажыга кеткендерге байланыштуу таратылган маалыматтарды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү. Буга чейин Кыргызстандын паспорту менен ажыга кеткендердин теңине жакыны Кытайдын жана Өзбекстандын жарандары экендиги тууралуу маалымат тараган. Кыргызстандан ажылыкка баруу үчүн 7 миң адам арыз берип, алардын 2 миңи Сауд Арабстан бөлгөн орун жетишсиз болгондуктан, бара албай калышкан. Куш ылаңына байланыштуу автобус менен кеткендердин кайтып келиши татаалдашып жатат деген айрым саясатчылар бул ишти көзөмөлгө алууну өкмөттөн талап кылып жатышат. Кыргызстандан ажылыкка 90 автобус менен жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG