Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Жоомарт жаштар патриоттук кыймылы Чаек айылында пикет өткөрүштү


НАРЫН. 16-январда Чаекте Нурлан Мотуев башында турган "Жоомарт" жаштар патриоттук кыймылы пикет уюштурду. Жумгалдагы Демократияны колдоо маалымат борборунун деректири Чолпон Осмоналиевадан телефон аркылуу алынган маалымат боюнча, нааразылык акциясына эки жүзгө чукул адам катышты. Алар Каракече көмүр кесиминдеги жеке ишканаларды бириктирип мамлекеттин менчигине өткөрүүнү, Акулак мамлекеттик акционердик коому үчүн өткөн 2005-жылга 7 млн. сом капиталдык төлөмдөрдү төлөөнү талап кылышты. Аны менен катар эски жетекчилер кайрылып келишпесин деген да талаптар болду. Чогулгандарга райондук акимиат, милиция кызматкерлери көз салып турушту. Нааразылык акцияга чыккандар бир-эки саат туруп тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG