Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Казакстандын айрым оппозициялык маанайдагы жаштар уюмдары Бишкекте жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. 16-январда Казакстандын оппозициялык маанайдагы жаштар уюмдары Бишкекте конференция өткөрүштү. Жети жаштар уюмунун мүчөсү катышкан бул жыйында Казакстандын бийлик өкүлдөрүнүн адам укуктарына жана жаш саясатчыларга кылган мамилеси сынга алынып, өз өлкөсүндө демократиялык коомду куруу маселеси козголду. Алар жыйындын соңунда Казакстан прогрессивдүү жаштар координациялык кеңеши түзүлгөнүн жарыялашты. Казакстан патриотчул жаштар кошунунун жетекчиси Азамат Жетписбаевдин айтымында, жаңыдан түзүлгөн координациялык кеңеш казак оппозициясынын биригишине өбөлгө болот. Ошондой эле Казакстандагы жаштар уюмдарынын мүчөлөрүн казак расмий бийлигинин куугунтуктоосунан коргоо максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG