БИШКЕК. Өлкөдө бийлик алмашканы менен адам укугун бузуу азайган жок. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 16-январда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо органдары жана жаза аткаруу башкармалыгы тарыбынан адам укугун басмырлоого жол берилип, күч органдарында эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Анткени, жаңы бийлик курамында мурдагы эле бийликтин өкүлдөрү турат. Акыйкатчы ошондой эле өлкөдөгү 20 миңге жакын жаза өтөгөндөрдүн санын кыскартып, 5 миңге жеткирүү керектигин, сот системасын реформалоо учурдун талабы экендигин билдирди.