Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Камбараалы Конгантиев: качкындар маселеси сот иши аяктагандан кийин каралат


БИШКЕК. Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келип, Оштогу тергөө изоляторунда отурган өзбекстандык төрт жарандын иши эл аралык мыйзамдардын чегинде каралат. Бул маселеге башкы прокуратура соттошуу аягына чыккандан кийин кайрылат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө журналисттерге башкы прокурор Камбараалы Конгантиев билдирди. Анын айтымында, БУУнун качкындар комиссарлыгы качкын макамын берген төрт качкындын экөөнүн арызын мурдараак Кыргызстандагы миграция комитети карап, качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Бул маселе боюнча ишти азыр Жогорку Сот карап жатат. Калган эки качкындын арызын миграция комитети карап бүтө элек.
Ал эми Хьюман райтс вотч уюмунун маалыматына караганда, Ош тергөө изоляторунда мындан тышкары БУУнун качкындар комиссарлыгы арызын карап жаткан өзбекстандык дагы бир жаран отурат.

XS
SM
MD
LG