Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ЫРГЫТЫЛГАН КЫЗЫЛ ЭТ ЫМЫРКАЙ, БЕШИМОВ-НАРЫНБАЕВ АЙТЫШЫ


17- январдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясаты, партиялар, өлкөдөгү мүлк бөлүштүрүүнүн күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты.

17- январдагы “Агым” гезитинде кабарчысы Асланбек Сартбаев " Карабулут” деген макаласында “Демократиялык күчтөр биримдигине 18 партия-уюм баш кошуп, эл мүдөөсү үчүн чоң саясый майданга аттанышканын айтып, учурдагы саясый кризистен кантип чыгабыз” деп суроо коюп, жооп издейт:

“Эшикте кыш. Үшүгөндөр... А саясый элитабыздын төбөсүндө кара булут. Бийлик менен оппозиция тиреши, саясый оюндар, криминалитет өкүмзордугу, түрдүү нааразылык акциялар, деги койчу, санап бүталбайсың. Мындай көрүнүштөр Атажуртубузга муш болуп, кедерин тийгизбегей эле. Чындыгында элибиздин келечеги коркунучка байланды. К.Бакиев менен Ф.Кулов өлкө башына келгени теңирден тескери көрүнүштөр көбөйдү.. Башкасын айтпайлы, эң өкүнүчтүү делгени төңкөрүштөн бери канчалаган атуулдарыбыз, мамлекеттик ишмерлерибиздин баштары көргө кирди. Акыркы кезде бийликке болгон элдин ишеними кайтып баратат.
...Тандем таасирине болгон үмүт отубуз бүлбүлдөп баратат. Алардын жалпыбызга болгон карөзгөй мамилесин эртерээк сезип, бир бүтүмгө келбесек, эртең кеч болуп калат. Менимче, парламенттик башкаруу системасы бүгүнкүнүн талабына айланды. Эл да колдошу шарт. Бирок, бу системага 5 жылга чейин өтөбүзбү, же андан кийинби? Дал ушуну ойлонуп көрөлү»,- дейт кабарчы Асланбек Сартбаев.

Ушул «Агымда» журналист Жылдыз Мусабекова кышкысын отуну жок баласына суук тийгизип алгандар, электр жарыгынын өчүп турганы, селсаяктардын турмушу, Орусияга барып, күн өткөргөн кыргыздардын тагдыры тууралуу кеп кылат.

... “Ушу кыштын суугунда дагы бир таанышыбыздын эшик алдына кызыл эт эркек баланы таштап кетишиптир, жедеп кири кокочо сүлгүгө ороп. Өздөрүнүн эле чууруган төрт баласы бар эле, муну кантебиз деп баштары маң. Доктурга алпарып текшертсе "ичте жүргөндө бала абдан кыйналып калыптыр" дешти. Деги кайда баратабыз? Өлкөдө башаламандык, абийирде -бардак. Кыш болсо бүткүдөй эмес, дагы канча селсаяк тоңуп өлүп, канча бейкүнөө наристе талаага ташталат? Себеби кыш узун, купуя сырын эч кимге айтпайт”,-деп жазат Жылдыз Мусабекова.


“Агымдын” чет өлкөдөгү кабарчысы Жамбы Жусубалиева Франция илимдер академиясынын окумуштуусу Оливье Руа менен маектешкен. Анда Борбор Азиядагы ислам дининин таасири, Кыргызстандагы саясый жагдай, өлкөдөгү бийлик кризиси тууралуу сөз болот. .

“Борбор Азия өлкөлөрүндө жакын арада эч кандай ыңкылап болбойт. Бул аймакта Орусия менен Кытайдын экономикалык таасир талашуусунда кытайлыктар жеңишке жетишет. Кыргызстанда дагы саясый күтүлбөгөн окуялар болушу мүмкүн. Президент Курманбек Бакиев өз бийлигин бекемдеп, президенттик башкарууну таңуулайт. Түндүк-түштүк маселеси курчуп, анархияга алып келиши ыктымал... Же үчүнчү жол турат, бул демократиялык өнүгүү багыты” деп айткан франциялык окумуштуу Оливье Руа.

Кытай Эл республикасынын тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттер тобу аталган өлкөгө барып келишкен. Кыргызстандык 4 журналисттин бири “Агым” гезитинин кабарчысы Асран Айдаралиев ушул Кытайга болгон сапары тууралуу жол очеркин жарыялоодо.

“Аалам” гезити кыргыз тили, рух дөөлөттөрү тууралуу кеңири баяндады. “Тил маселеси демекчи… Бул жагдайда айтсаң сөзүң түгөнбөй, жазсаң барагың жетпей турган нечен жылдарды кабыргасына баскан түмөн түйшүк чөгүп жатат. Кыргыздын тили Манастын тили… Манас кандай мухит болсо ошончо го.
Кыргыздын дөөлөтүн, рухий мурасын калыбына келтирсек деп чырылдайбыз.
Бул Аралды кайра толтурам дегенге барабар иш» деп жазат жазуучу Чолпонбек Абыкеев.

“Ааламдын” кабарчысы Азима Акунова өлкөнүн президентине караштуу
мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, мамлекеттик тил фондунун деректири Ташпоо Жумагулов менен маектешкен.
“Мага чейин мыйзамдык базасы Кудайга шүгүр түптөлүп, дурус эле Программа, Концепциялар, иш-пландар кабыл алынган экен. Бирок, алардын чети оюлбаптыр. Жакшы эле максат-тилектер кагаз бетинде гана жашап жаткан экен. Фонддун үркөрдөй болгон үч-төрт кызматкери да эмнегедир айлыксыз иштеп жатыптыр. Жогорку Кеңеште бир ооз кыргызча сүйлөбөгөн улутташыбыз шайлоо учурунда жанына күч келгенде кыргыздардын үйүн кыдырып, кыргызча булбулдай сайраганын уккандар бар экен. Биз жакында Жогорку Кеңештен «Жарнама жөнүндө» мыйзамга оңдоо киргиздик жана «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамына оңдоолор, толуктоолор киргиздик, бирок карала элек» дейт Ташпоо Жумагулов.

17-январдагы “Кыргыз туусу” гезити Бишкектеги жаңы түптөлгөн турак үйлөрдүн пайдубалына ырымдап бетон төшөгөн президент Курманбек Бакиев, кайрадан жандана баштаган “Алга, Кыргызстан” партиясы тууралуу жазышты.

Өлкөдөгү конституциялык реформа боюнча эки башка көз караштагы саясатчылар Бакыт Бешимов менен Данияр Нарынбаевдин кайым айтышуусу жарыяланды. Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын лидеринин бири Бакыт Бешимов “өлкөгө парламенттик башкаруу зарыл” десе, Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев “Кыргызстанга президенттик башкаруу керек” деген пикирде. Ошондой эле ушул темага элдин түрдүү пикирлери да жарыяланып, алардын көпчүлугү президенттик- парламенттик башкаруу системасын колдоорун билдиришкен.

17- январдагы “Вечерний Бишкек” гезити ажылыкка барган кыргызстандыктар эч кандай кырсыктарга кабылбай, кайра мекенине кайтууга ниет кылып жатышканын маалымдайт. Ушул гезиттин кабарчысы Бермет Маликовага берген маегинде “Кел-кел” жаштар кыймылынын лидери Алишер Мамасалиев өлкөдөгү ыңкылапты ишке ашыруудагы жаштардын ролун айтып “биз аксакалдардын каталыктарын кайталабайбыз” деген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG