Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Түркияда канаттуунун сасык тумоосунан төртүнчү адам көз жумду


Лабораториялык анализдер жекшемби күнү Ван шаарынын ооруканасында каза тапкан 12 жаштагы кыз Н5N1 вирусун жуктуруп алганын далилдеген. Муну менен Түркия Чыгыш Азия жана Кытайдан башка аймакта куш ылаңынан адам мерт болгон учур катталган жалгыз өлкө болууда. Мунун аралыгында Түркиянын коңшулары илдеттин алардын аймагына жайылып кетишине каршы чараларды көрүп жатат. Маселен, Иран түрк чек арасынан 15 чакырым аралыкта жашагандардын миңдеген үй канатууларын жок кылууну баштады, чек арадагы шаарларда атайын үч оорукана уюштурду. Сирия чек арасында көзөмөлдү күчөттү. Дүйнөлүк банктын кечээги билдирүүсүнө караганда, ал канаттуунун сасык тумоосуна каршы күрөшүү үчүн 1,2 миллиард доллар каражат ажыратууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG