Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

КУШ ЫЛАҢЫ БОЮНЧА МААНИЛҮҮ АНАЛИЗДЕР ЛОНДОНДОГУ ЛАБОРАТОРИЯДАН ЧЫГАРЫЛУУДА


Жакында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Лондондогу лабораториясы Түркияда канаттуунун сасык тумоосунан каза тапкан балдардан алынган вирустун үлгүлөрү ал азырынча адамдан – адамга жугуучу формага өтпөгөнүн ырастаганын билдирди. Көпчүлүккө анча белгисиз бул медициналык мекеме - Сасык тумоонун дүйнөлүк борбору деп аталат. Анын лабораториясы куш ылаңын алып келген вирустун табияттын аныктоодо маанилүү роль ойноодо.

Лондондун чет жакасында жайгашкан бул медициналык комплекс Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюмунун эң эски бирок, бирок эң манилүү мекемелеринин бири. Доктор Жон Скехель Британиянын медициналык изилдөөлөр боюнча улуттук институтун башкарат. Сасык тумоонун дүйнөлүк борбору ошол институттун бир бөлүгү болуп эсептелет. Адис "Азаттык жана Эркин Европа " радиосунун Лондондогу кабарчысына берген интервьюсунда Дүйнөлүк Салматтыкты сактоо уюму куш ылаңынын вирусун иликтөөнү аларга тапшырганынын жүйөөсүн уюмдун дүйнөлүк түйүнү жарым кылым илгээри дал ушул жердеги лабораториядан башталганына байланыштырды:

-Биз Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун атынан жалпы түйүндү 1947 -жылы дал ушул лабораториядан баштаганбыз. Медициналык изилдөөлөр боюнча улуттук институттагы борбор Салматтыкты сактоо уюмунун сасык тумоого көзөмөл салуу ишинин башатында турган.

Доктор Жон Скехель кошумчалагандай, алардын институту сасык тумоонун вирусун 1933-жылы аныктап, 1945-жылы ага каршы вакцинаны колдонууга киргизген. Андан бери вирустун өзгөрүшүнө жараша жаңы вакциналарды иштеп чыгарууда. Сасык тумоо боюнча Лондондогу дүйнөлүк борбор – Саламаттыкты сактоо уюмунун ушул багытта кызматташууну камсыз кылган ири төрт мекемесинин бири. Ал эми жалпы дүйнөлүк түйүнгө 83 өлкөнүн 112 улуттук борбору кирет. Уюмдун Женевадагы кеңсесинин өкүлү Кристин МакНабдын айтымында, алар Лондондогу лаборториянын тыянактарына ишенет:

-Дүйнөлүк Салматтыкты сактоо уюмунун кызматташуу борборунун кесипкөйлүгү өтө жогору. Өзгөчө мындай иштерде өтө так жыйынтыкты алуу маанилүү. Биз бул ишти ошондой натыйжа бере турган лабораторияларга калтырабыз, албетте, Лондондогу лабораториябызга бизде толук ишеним бар.

Саламаттыкты сактоо уюмунун адиси кошумчалагандай, Лондондогу лаборатория Түркияда канаттунун сасык тумоосу вирусу, кичине мутациялануусун эске албаганда, адамдан - адамга жугуучу формага өтпөгөнүн эң соңку ирээт, 12- январда ырастады. Бул максатта Түркияда аталган илдеттен каза тапкан жаш балдардан алынган вирустун үлгүлөрү текшерилген.

Саламаттыкты сактоо уюмунун адиси Кристин МакНаб белгилегендей, Лондондогу лаборатория канаттуунун сасык тумоосу вирусунун сырын жана дабасын табууга аракеттенүүдө, бирок ошол эле учурда Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын тургундарына өзүлөрүн бул илдеттен коргоонун жөнөкөй жолдору да бар:

-Бул вирус Азиядан Түркияга, анын алдында Украинага көчүп жүргөн жапайы куштар аркылуу келген. Андыктан аталган чөлкөмдөн тургундары үчүн жерде оорулуу же өлгөн куштардан оолак болуусу өтө маанилүү. Аңчылар, фермерлер кокус куштардан адаттан тыш өлүмүн байкашса, ветеринарларга дароо кабар бериши керек.

Адистин айтымында, ушуга окшогон аракеттер канаттуунун сасык тумоосу улам жаңы аймактарга жайылуусун токтотууга, аны көзөмөлдөөгө жардам берет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG