Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Ошто «Элдик бийлик» коомдук-саясий кыймылы түзүлдү


Ош. 17-январь күнү Элдик бийлик коомдук саясий кыймылынын уюштуруу чогулушу болуп, анда кыймылды түзүүнүн зарылдыктары, алдына койгон максаттары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууга алынды. Кыймылдын 27 адамдан турган Кеңеш ордо башкаруу түзүмү жана аткаруу комитети бекитилди. Элдик бийлик коомдук саясий кыймылынынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп жазуучу-публицист Токтобай Мүлкүбатов шайланды. Андан соң уюштуруу чогулушунун жүрүшүндө Элдик курултай институтун киргизүү, мамлекеттүүлүктү өнүктүрүү, улуттук идеология, эл менен бийликтин ортосундагы ишеним пайда болууну түптөө сыяктуу маселелердин тегерегинде кызуу талкуулар болуп өттү. Элдик бийлик коомдук саясий кыймылынын уюштуруу демилгеси менен Бата, Ак элечек энелер, Адам укугу жана демократия, Таза үй сыяктуу тогуз бейөкмөт чыккандыгы эскертилди. Уюштуруу чогулушунун аягында жалпысынан 17 бей өкмөт уюм элдик бийлик кыймылына киргендиги жөнүндө маалымат таркатылды.

XS
SM
MD
LG