Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

ОРУС-УКРАИНАЛЫК ЧАТАК ЕВРОПАРЛАМЕНТТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 17-январда Европа парламентинде кубат маселелери боюнча талкуу болуп өттү жана жыйында чыгып сүйлөгөн айрым депутаттар Орусия жетекчилигин катуу сынга алды. Табигый газ боюнча жакында Маскөө менен Киев ортосунда чыккан чатак учурунда Кремль кубат маселесин саясий максатта пайдалангандыктан, Европа бул маселе боюнча Орусияга көз каранды болбой тургандай абал түзүлүш керек деп айтылды.

2004-жылдын жайында, Украинанын ал кездеги премьер-министри Виктор Янукович жакын арада Леонид Кучманын ордуна президент болуп шайланаары күтүлүп турган кезде Маскөө менен Киев ортосунда газ боюнча беш жылдык келишимге кол коюлган жана анда бир миң куб метр газдын баасы 50 долларга сатылат деп жазылган. Бирок жылдын аягында Украинада элдик ыңкылап жеңип, Януковичтин ордуна президент болуп Виктор Ющенко шайлангандан кийин Маскөө менен Киев ортосунда бир топ пикир келишпестиктер пайда болду жана жана акырында Кремил газдын баасын 460 пайызга көтөрө турганын жарыялады. Киев ага макул болбогондуктан, ага газ берүү 2005-жылдын 1-январында токтотулду.

Бирок Европага кетип жаткан газ дагы, Украинага бериле турган газ дагы бир эле куур менен жөнөтүлгөндүктөн жана Киев Түркмөнстандан дагы газ сатып алгандыктан, Украина өзүнө тийешелүү деген газды ал куурдан ала берген, натыйжада Европанын он мамлекетине келген газдын көлөмү азайган.

Европа Биримдиги ал тууралуу тынчсыздануусун Маскөөгө билдиргенден кийин, Орусия Украина менен 2-январда шашылыш жаңы келишим түздү, анын шарттары боюнча Маскөө газды ортомчуга 230 доллардан сатат, Украина болсо ал ортомчудан газды 95 доллардан сатып алат. Европага жөнөтүлгөн газдын көлөмү калыбына келтирилди, бирок Маскөө газ маселесин саясий максатта колдонгонун АКШ катуу сынга алды.

Маселе 17-январда Европа парламентинде да талкууланды жана айрым депутатттар ал жыйын учурунда Маскөөнү жазалаш керек деген пикирлерди да айтты. Европа парламентинин төрагасынын орун басары Яцек Саируш-Волскинин айтымында, таза экономикалык маселе кантип саясий нукка бурулушу мүмкүн экенин Маскөө ачык көрсөттү: "Энергетикалык маселе жалаң эле өндүрүш же экономикага таандык эмес экенин биз ачык көрдүк. Кубат - тышкы саясаттагы курал катары пайдаланылды, ошондуктан бул маселени эми тышкы саясат жана коопсуздук саясатынын бөлүгү катары караш керек", - деди Саируш-Волски.

Европа Биримдигинин кубат маселелери боюнча комиссары Андрис Пибалгстын айтымында болсо келечекте окшош абал түзүлбөш үчүн атайын чаралар көрүлүүгө тийиш:
"Украина менен Орусия ортосунда жаңы келишим түзүлгөнү менен, маселе кыска убакытка гана чечилди, алысты караганда болсо, биз ага алданбаш керекпиз. Чыныгы маселе аны менен жоюлган жок", - деди Пибалгс.

Талкуунун аягында - табигый газ боюнча Европа Биримдиги Орусияга азыркыдай өлчөмдө көз каранды болбош керек деген пикир үстөмдүк кылды. Андай абалга жетиш үчүн болсо жаңы кубат булактары табылыш керек, мисал үчүн, Жакынкы Чыгыштан Европага жаңы куурларды жаткырса болот жана суюк түрдөгү газды башка мамлекеттерден сатып алуу мүмкүн. Бирок андай чараларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн жыл керек.

XS
SM
MD
LG