Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

ИРАНГА САНКЦИЯ САЛЫНСА, АНДАН КИМ УТАТ?


Кошмо Штаттары менен Евросоюз Ирандын атомдук программасына байланыштуу ишти Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине берүүнү көздөп жатышат. Эгер демилге колдоо тапса, анда Иранга эл аралык санкциялар жарыяланышы мүмкүн. Бирок алар кандай натыйжа бере алат? Айрым аналитиктер мындан олуттуу майнап чыгарына ишеңкирешпейт, ал эми дипломаттар болсо Тегеранга кандай жазалоо чараларын колдонуу керектигин аныктап,тактоого киришти.

Эмдиги айдын алгачкы күндөрү Ирандын иши атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикте – МАГАТЭде чукул жыйында талкууланат. Эгер МАГАТЭ макул тапса, маселе Коопсуздук Кеңешине берилет.
Израилде чыгуучу күндөлүк гезиттердин бири баарынан озунуп Иранды кантип жазалоо керектигин жазып чыкты. Макаланын автору Алуф Бенн Иран мунайына каркап эмбарго салууну сунуш кылды. Бир да өлкө Ирандын мунайына көз каранды эмес, дейт ал. Ирандын мунай өндүрүшү чийки кара майды гана экспортко чыгара алат, аны кайра иштеткенге жарабайт.Ошондуктан Иран бензин жана башка мунай заттарын тыштан сатып алганга аргасыз болот. Өлкөнүн экономикасы бүт бойдон мунай экспортуна көз каранды, эгер ушул тармакта катуу санкциялар салынса, Иран өзү башкаларга караганда баарынан көбүрөөк жабыркамак.

Мындан тышкары Бенн Ирандын футболдук командасын дүйнөлүк мелдешке катышуу укугунан ажыратуу, президент Ахмединежадга, башка ырасмий өкүлдөргө чет өлкөлөргө чыкканга тыюу салуу өңдүү да моралдык маанидеги чаралар зарыл экенин белгилейт.

Башка бир аналиктер, анын ичинде лондондук эксперт Иан Кемп соода-сатык эмбаргосунан мунай аткезчилери гана пайда көрөрүнө көңүл бурушту. Анын үстүнө Иранга жарыяланган ар кандай санкциянын арты кайсыдыр бир өлчөмдө аскери мааниге өтүп кетиши мүмкүн. Айталы, соода-сатыкка же ядролук программаларга керек болчу материалдарга эмбарго коюлса, анда АКШ жана башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрү буга тартылганга аргасыз болушат. Ар кандай санкциянын майнаптуу болушу үчүн бардык мамлекеттердин кызматташтыгы керек, ал эми мындайга жетишүү кыйын болот сыяктанат.

Лондондук дагы бир эксперт Бен Фолкс да санкциялардын куралдуу тирешке айланып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Эгер ирандыктар санкцияларга каршылык көрсөткөн аракеттерди баштаса, анда АКШ Ирандын түштүгүн, деңиз кылаасындагы чек араларын камалап, негизги басташтын баары ушул аймакта болушу ыктымал. Мындайда болсо Ирандан мунай алган өлкөлөр, алардын ичинде Кытай, ошондой эле Индия жабыркайт.

Айткандай эле, Кытай бардык тараптарды сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого чакырууда. Россия мунаса табууну сунуш кылууда. Иранга эл аралык санкциялар жарыяланышы да ушул эки өлкөнүн позициясына жараша чечилиши мүмкүн. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары Россия менен Кытай ар кандай резолюцияга вето сала алат.

XS
SM
MD
LG