Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Иракта соңку кыянатчылыктар ондогон адамдын өмүрүн алды


Башкаала Багдаддын түндүк тарабында козголоңчулар кечээ көзөмөл бекеттерине чабуул жасап, 30тай адамды мерт кылышкан. Багдадда ошондой эле автокербенге кол салынып, андан алты күзөтчү, 3 айдоочу каза тапты. Кениялык эки инженерди кол салгандар барымтага алып кеткен. Түштүктөгү Басра шаарында жолго көмүлгөн бомбага кабылып, эки америкалык тургун мерт болду. Өлкөнүн башка райондорундагы түрдүү кол салуулардан дагы ондон ашуун ирактыктын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG