Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ЖАНА АКШ ИРАН БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ БАРБАЙТ


Европа биримдиги жана АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу сунушун четке кагышты. Вашингтондо визит менен жүргөн Еврошаркеттин расмий өкүлү Хавьер Солана жана Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Тегерандын иши эми БУУнун Коопсуздук кеңешине берилүүгө тийиш деп белгилешти.

Британия, Франция жана Германия 1 жылдан ашуун убакыттан бери Иран менен анын өзөктүк программасын талкуулап келишкен. Кошмо Штаттардын тышкы мекемесинин жетекчиси Райстын айтымында, Тегеран уранды байытуу процессин жандантуу ыктымалдыгы жөнүндө жарыялап, бул сүйлөшүүлөрдү олуттуу кабыл албагандыгын далилдеди:


Европа биримдиги, асыресе Франция Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантуунун кажети канчалык деген күнөм саноосун билдирди. Менин түшүнгөнүмө караганда, шаркет андан эч кандай майнап чыкапйт деп ишенет. Себеби Иран тарап мораторийди бузуп, сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетти. Ушундай шартта европалыктар талкуулай турган эч нерсе жок деп эсптешет.

Биримдиктин тышкы саясаты боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана Ирандын коопсуздук боюнча кеңешчиси Брюсселге кат жөнөтүп, диалогду улантууну сунуш этти деп ырастады.
Бирок Райс сыңары эле Солана мындан аркы талкуулардын натыйжалуу болооруна ишенбейт.
Эми Тегерандын иши БУУнун Атомдук энергия боюнча эларалык агенттигинин кароосуна берилиши керек деп белгиледи Солана:

Иран жаңы бир нерсе сунуш кыла албагандан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанисиз болмокчу. Андыктан биздин азыркы турумубуз, жана мамлекеттик катчы да муну кайталады, МАГАТЭнин чукул жыйынын өткөрүп, андан соң мекеменин доклады Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп берүүгө тийиш.


Вашингтон менен Евробиримдиктин үчилтиги МАГАТЭнин жетекчилигинен 2-февралда Венада Иран боюнча атайын жыйын өткөрүүнү өтүндү.

Тегеранга каршы кандай санкциялар колдонушу ыктымал белгисиз. Санкциялардын киргизилиши да азырынча анык эмес. Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүнүн ар бири резолюцияга вето кое алат.
Кытай адатта санкцияларга каршы болуп келет. Бээжин мунайдын ири бөлүгүн Ирандан алаарын эске алсак, бул жолу да ошондой болушу ыктымал. Россия болсо Тегеранга атомдук тармакта жардам берип жүргөн. Ошол эле мезгилде, Солана белгилегендей, Москва менен Бээжин Ирандын уранды байытуу процессин жандантуу чечимине байланыштуу камтамачылыгын билдиришкен.
Россия жана Кытайдан тышкары Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнө Франция, АКШ жана Британия кирет.

XS
SM
MD
LG