Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

БОРБОР АЗИЯ ЖУМУРИЯТТАРЫ ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖАҢЫ ДОЛБООРУНА КОШУЛАТ


Нарын АЙЫП, Прага 18-январда Европа парламентинде уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана кошуна мамлекеттер менен кызматташуу маселелери талкууланды. Биримдикке кошуна өлкөлөр катары Борбор Азия жумурияттарын дагы санаш керек экени жөнүндө да айтылды.

Европа Биримдигине 10 чыгыш европалык мамлекет мүчө болуп киргенден кийин уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараяны бир кыйла басаңдады, анткени жаңы мүчөлөрдүн саясатын батыш европалык деңгээлге жеткирип, алардагы экономикалык жана башка реформаларды ийгиликтүү жүргүзүү үчүн убакыт керек экени аныкталды. Уюмдун ичиндеги өнүгүү абалы бир кылка болуп бүтө электе ага дагы жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу эртелик кылат деген пикир үстөмдүк кылууда.

Ошондуктан Биримдиктин айланасындагы мамлекеттер менен кызматташууну күчөтүү керек экени айтыла баштады жана ал тууралуу атайын долбоор да иштелип чыкккан. Мурда Европа Биримдиги ага мүчө болуп кирүүгө кызыкдар өлкөлөргө ар башка шарт жана талап коюп, андай мамлекеттердин саясаты менен экономикасын өзгөртүүгө жетишип келген болсо, эми - андай мүчөлүктү өзүнө реалдуу максат катары койбогон өлкөлөр дагы Европа Биримдигине жөн гана жакшы кошуна болуш үчүн кандайдыр бир шарттарды аткарыш керек.

Андай кошуна мамлекеттер катары - Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Африканын түндүгүндөгү мамлекеттер, андан тышкары Украина, Молдова жана Кавказ жумурияттары саналат. Украинанын жаңы жетекчилиги НАТО жана Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүнү эңсегени менен, андай мүчөлүк тууралуу азырынча реалдуу талкуу баштала элек. Анткен менен Украинаны кошуна мамлекет катары санап, аны менен кызматташууну күчөтүп-кеңейтүү керек экенине бардык европалык мамлекеттер макул.

Европа прарламентинде 18-январда өткөн жыйын учурунда Чарльз Тэннок даярдаган доклад талкууланды, анда - адам укуктарын бузган, демократияга жатпаган аракеттерди көргөн же башка европалык стандарттарга каршы келген саясат жүргүзгөн кошуна мамлекетер менен Европа Биримдиги өз кызматташуусун токтотушу да мүмкүн деп айтылат.

Мындай ыкма менен Биримдик ага мүчө болуп кирүүнү каалаган өлкөлөрдөгү гана эмес, жөн гана кошуна мамлекеттердеги абалды өзгөртүп-жакшыртууга даяр жана Биримдиктин таасири азыркыдан бир топ кеңири аймакка тарашы мүмкүн.

Андан тышкары докладдын автору Тэнноктун айтымында, Биримдикке кошуна мамлекеттер катары Борбор Азия жумурияттарын дагы санаш керек.

-"Казакстан сыяктуу Борбор Азиядагы мурдагы советтик жумурияттар азырынча кошуна мамлекеттер катарына кирбейт жана мындай жагдайды Европа Биримдиги жакшылап караштырып көрүшү керек. Алар менен катардагы кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн жана менин оюмча, эгер алар кааласа, андай келишимдердин мөөнөтү аяктагандан кийин бул жумурияттарды дагы кошуналык кызматташуу долбооруна кошсо болот, - деп билдирди Чарльз Тэннок.

XS
SM
MD
LG