Казакстандын президентинин жардыгына ылайык, жаңы өкмөттө мурдагы коргоо, ички жана тышкы иштер министрлери өз кызматтарында калышты. Шаршембиде казак парламенти президент Назарбаевдин сунушун колдоп, премьерликке Даниал Ахметовду кайрадан бекиткен. Соңку жардыктары менен Назарбаев 16 министрдин 12син дайындады. Назарбаевдин башкы жардамчысы Карим Масимов 1-вице-премьерлик кызматка которулду.