Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Кытай Иран маселесин сабырдуулук менен караштырууга үндөдү.


Ырасмий Бэйжин маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү зарыл деген пикирде. Британия, Франция жана Германия Ирандын өзөктүк программасын МАГАТЭнин 2-февралда өтө турган чукул жыйынында караштырууга чакырган. Москвада бүгүн Орусия менен Франциянын тышкы иштер министрлери Ирандын өзөктүк программасын талкуулап жатышат. Москва Иран маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине алып чыгууну дагы бир жолу кийинкиге жылдырууну сунуш кылган. Бул тууралуу шаршембиде Вашингтондо Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана билдирди. Аны менен жолугушкан АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирандын өзөктүк курал даярдоосуна жол берилбеши керек деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG