Азербайджан менен Армениянын президенттери Тоолуу- Карабах чатагын жөнгө салуу маселесин талкуулоо үчүн келерки айдын башында Францияда жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери баштаган делегациялардын кечээ Лондондо аяктаган сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыяланды. Армяндар басымдуулук кылган Тоолуу - Карабах Азербайжандан 1988-жылы бөлүнүп кеткен. Анын соңунан чыккан согушта 30 миңдей адам өмүрүнөн айрылып, 800 миңден ашууну үй-жайынан безүүгө мажбур болгон. Элдешүү келишимине 1994-жылы кол коюлганы менен Армения жана Азербайждан азыр деле расмий түрдө согуш абалында.