Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:39

Иракта бүгүн парламенттик шайлоонун соңку расмий жыйынтыгы жарыяланары күтүлүүдө


Шайлоо өткөн айдын он бешинде болгон. Анын толук эмес жыйынтыктарына караганда, парламенттеги 275 орундун көбүн шийиттердин диний партиялары алат, бирок өз алдынча, суннит жана күрд партияларын кошпостон өкмөт куруу үчүн жетишсиз. Шайлоону расмий жыйынтыгы жарыяланчу күндү утурлай өкмөт коопсуздук чараларын күчөткөн. Анткен менен кечээ Багдаддын ишкер районундагы кош жардыруудан бир нече адам мерт болду. Жергиликтүү бийликтердин айтымында, каза тапкандардын саны кемине 13, эң көп дегенде 25ке жетет. Кабарларга караганда удаасы менен алгачкы бомбаны дүкөнгө кире бериште жанкечти жардырса, экинчиси ресторанга кире бериште орун алган.

XS
SM
MD
LG