БИШКЕК. Темир жол башкармалыгынын жетекчилигине Нариман Түлеевдин дайындалышына каршы 15 чакты темир жолчулар Пишпек темир жол бекетиндеги нааразылык чарасын 20-январда да улантышты. Темир жолчулардын профсоюз уюмунун төрагасы Эрнис Докеновдун ушул эле күнү «Азаттыкка» билдиргенине караганда, нааразылыкка чыккандар менен Нариман Түлеев жолугушуп, нааразылыкты токтотууну өтүндү. Нааразы тарап аны куру сөз менен эмес, аталган тармакты өнүктүрүү боюнча конкреттүү программасы менен келүүсүн талап кылышты. Бул наразылык чара 18-январда баштаган жана алар Пишпек станциясына эки боз үй тигип, ушул жерде түнөшүүдө. Эрнис Докенов ошондой эле эгер талаптары 25-январга чейин аткарылбаса нааразылык чаранын катышуучулары өзүн-өзү өрттөө чарасына барышаарын кошумчалады. Ал эми Темир жол башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Кайрат Биримкулов буга дейре Эрнис Докенов баштаган 5-6 темир жолчунун нааразылык акциясын уюштурушуна негиз жоктугун, алардын пикири бул тармакта эмгектенген беш миңден ашуун жумушучунун пикири менен дал келбестигин билдирген. Нариман Түлеев президенттин 16-январдагы буйругуна ылайык “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчилигине дайындалган. Ал буга чейин да аталган тармакты жетектеп, өткөн жылы ушундай эле нааразылык чараларынан улам кызматынан алынган эле.