Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

ООГАНСТАН, ИРАК, ЭМКИ КЕЗЕК ИРАНДАБЫ?


Батыштык айрым аналитиктер Тегеранды атомдук бомба жасоодон баш тарттырыш үчүн алдын-ала аскердик сокку уруудан башка арга жок деп айта баштады. “Азаттыктын” кабарчысы Рон Синовиц айрым Батыштык аскердик эксперттерге Ирандын атомдук программасына каршы кандай стратегия колдонулушу мүмкүн деген суроо узаткан.

Израилдин премьер-министринин милдетин аткаруучу Эхуд Олмерт Ирандын өзөктүк программасы жүзөгө ашырылса, “Хамас”, “Хезболла”, “Ал-Каида” өңдүү экстремисттик уюмдардын атомдук бомбага ээ болушуна жол ачылат деп билдирди. Лондондо чыгуучу “The Sunday Times” гезитинде жарыяланган бул билдирүүдөн башталган макалада Израилдин атын атабоону өтүнгөн аскерий өкүлү ушул жылдын жаз айларына Ирандагы жашыруун уран байытуу обьектилерине абадан сокку уруу операциясы пландаштарылып жатканын кабарлайт.

Тель-Авивде чыгуучу “Хаарец” гезитинин серепчиси Алуф Бенн бул билдирүүлөр Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Иранга карата катаал чаралар көрдүртүү максатын гана көздөйт деген пикирде.

- Израилдин Иран маселесин чечүүдөгү артыкчылыктуу багыты дале болсо дипломатиялык аракеттер. Чөлкөмдө, айрыкча Иракта АКШ аскерлери жайгашып турган чакта Израил эми 1981-жылы Ирактагы атомдук реакторду жок кылгандай өз алдынча чабуул кое албайт. Иранга каршы аскердик сокку даярдалып жатат деген билдирүүлөр, менимче, айла кеткенде эл аралык коомчулуктун дипломатиялык кысымын күчөтүү максатында гана айтылган сөздөр.

Иран атомдук программасы жалаң жай турмуштук максатты, калктын энергетикалык муктаждык-керектөөсүн канааттандырууну көздөйт деп кайталап келатат. Бирок ушул айда Тегеран бул маселени Европа Биримдиги менен талкуулоодон баш тартып, мурда МАГАТЭ мөөр басып бекитип койгон жайлардагы кулпуларды алып салып, уранды байытуу иштерин улантаарын жарыялады. Байытылган уран өзөктүк отун даярдоодо колдонулат, бирок анын жогорку деңгээлде байытылган түрү атомдук бомба жасоого пайдаланылат.

Эл аралык коопсуздук маселелерине адистешкен Вашингтондук globalsecurity.org Интернет-сайтынын директору Жон Пайк – АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик аракет көрүүдөн башка айласы жок деген ойдогу Батыштык эксперттердин бири.

-Бул абдан жөнөкөй. Иран атомдук бомбага ээ болгусу келет. Израил менен АКШ ага караманча каршы. Дипломатиялык аракеттер бир күнү, менимче болжол менен эмдиги жылы жемишин бербээри айкын болгондо, АКШ Ирандагы шектүү жайларга абадан чабуул коюуга аргасыз болот.

Аскердик эксперт Пайктын айтымында, Иранда 15 чакты ири атомдук жайлар бар.

-Исфаханда уранды байытуучу, Натанзда дал ушундай, Аракта плутоний даярдоочу ишканалар бар, андан сырткары кооптуу курал даярдалган жай Парчинде жайгашкан деген божомол бар, мындан сырткары 10-15 майда жабдыктар орнотулган ишканалардын даректери маалым. Инди океанындагы аралда өз саатын күтүп жаткан АКШнын “Стелс” тибиндеги ракеталары жана күчтүү бомбалары Ирандагы бул жайларды бир нече саат ичинде жер менен жексен кыла алат, - дейт Вашингтондук эксперт.

Анткен менен көпчүлүк эксперттер күчтүү аскердик бөлүктөрү Ирак менен Ооганстанда кызмат өтөп жаткан чакта АКШ үчүн Иранга каршы чабуул баштоо кыйынга туруп калат деп боолгошот. Ошондой эле андай ыктымал авиациялык соккуларга каршы Иран өзүндөгү күчтүү баллистикалык ракеталарды дароо Израилге жаадырышы мүмкүн, - деп эскертишет Батыштык аскердик эксперттер.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG