Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Ысыккөл облусунун Аксуу , Жети өгүз райондорунда кутурган түлкү жана карышкырлар чыгууда


ЫСЫККӨЛ. Ысыккөл облусундагы Аксуу, Жетиөгүз райондорунун сырт өрөөндөрүндө кутурган карышкыр, түлкүлөрдү малчылар өздөрү байкап калышып, тиешелүү мекемелерге кайрылышкан. Аксуу райондук ветеринария кызматы кутурма оорусу жандыктарга кол салган түлкүдөн жуккандыгын аныкташты. Облустук администрациянын атайын буйругу менен жырткыч жаныбарларды атууга иш чаралар белгиленип Аксуу районунун Сарыжаз өрөөнүнөн 12 түлкү, 16 карышкыр атылып өрттөлдү. Жетиөгүз району боюнча да алардын саны такталууда. Ал эми Сөөк, Турген ашууларында кыштаган малчылар топоз, жылкыларын кайтарууга алганына карабай кутурган карышкырлар айбыкпай короого кирип кол салып жаткандыгын билдиришүүдө. Облустук мергенчил чарбасынын башчысы Акылбек Эгембердиевдин айтуусунда, кутурган түлкү, карышкырлар жара тарткан малдар дагы өрттөлүүдө. Бирок тоодо жашаган мачыларга кутурма ооруусуна каршы эмдөө иштери жүргүзүлө элек.

Аба ырайы.

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 22-январда Кыргызстанда кар жаабайт, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ облусунда түнкүсүн -7...-12 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13 градус суук, күндүз -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу.
НАРЫНда түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16 градус суук.
БИШКЕК шаарында кар жаабайт, мээлүн жел жүрөт, абанын температурасы түнкүсүн -10...-12 градус суук, күндүз +5...+7 градус жылуу.

Кабарларды Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG