Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

Ички иштер министрлигинин коллегиясы болуп өттү


БИШКЕК. 21-январда Ички иштер министрлигинде коллегия болуп өттү. Анда аталган министрликтин өткөн жылдагы иштеринин жыйынтыгына баа берилди. Буйрутма адам өлтүрүү боюнча маселе кызуу талкууланып, ага байланыштуу кылмыш ишин кайдыгер иликтеген айрым милиция кызматерлерине чара көрүлгөндүгү айтылды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылда аткарылуучу оперативдүү иштердин пландары, аталган министрликте реформа жүргүзүү маселеси козголду. Коллегияга президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басама сөз кызматынан билдиришти.

Дүйшөмбүдө Ички иштер министри Мурат Суталинов парламентте берген маалыматында 2000-жылдан бери 38 буйрутма адам өлтүрүү фактысы катталганын, ага байланыштуу козголгон кылмыш ишинин сегизи гана ачылганын билдирген. Ички иштер министри Кыргызстанда 24 кылмыштуу топ, төрт кылмыштуу биримдик тартип коргоо органдарынын көзөмөлүндө турганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG