Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

РУГОВАНЫН ӨЛҮМҮ КОСОВОНУН СТАТУСУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮ ПРОЦЕССИН ТАТААЛДАШТЫРАТ


21-январда Косовонун президенти Ибрагим Ругова өпкө рагынан көз жумду. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Ругова демократия идеяларына берилген адам катары эсте калат деп белгиледи. Анын өлүмү провинциянын статусун аныктоо боюнча сүйлөшүүлөргө таасир этиши мүмкүнбү?

- Косовонун президенти Ибрагим Ругова провинциянын соңку статусун аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр башталаардын алдында каза болду. Косоволук албандардын лидерлигиндеги саясий вакуум ансыз да татаал кырдаалды ого бетер оорлоштурду, - дейт “Азаттык” радиосунун аналитиги Патрик Муур.

20 жылдан бери Ругова косоволук албандардын негизги лидери болуп келген. Анын ордун баса турган кишини элестетүү да кыйын.

5-сентябрда Ругова өпкө рагына чалдыкканын билдирип, илдетти жеңээрине ишенгендигин айткан эле:

- Жараткандын жардамы менен мен бул күрөштү жеңип, Косовонун көз карандысыз мамлекет катары таанылышы үчүн аракеттерибизди жаңы күч менен улантабыз деп ишенем. Мен силерден адаттагыдай эле колдоо күтөм. Алла таалам Косовону, косоволуктарды колдосун!.

Анын ордуна келе турган лидерлердин арасында Адем Демачи аталууда. Демачи бир нече жыл коммунисттик режимдин түрмөлөрүндө отургандыктан “Косоволук Мандела” деген атка конгон. Бирок Демачи улгайып калгандыктан активдүү саясаттан иш жүзүндө четтеп калган десек болот.

Ругова өз мураскерин даярдаган эмес. Андыктан анын “Косовонун демократиялык Лигасы” аттуу партиясына жаңы президентти тандоо кыйын болчудай.

Провинция 1999-жылы Белграддын катаң режиминен БУУнун граждандык администрациясынын карамагына өткөндүктөн анын демократиялык структуралары өнүккөн эмес. Мындан улам, көпчүлүк лидерлер саясий институттарга эмес, өз кландарына, өздөрү туулуп өскөн региондорго же “Косовону Боштондукка чыгаруу армиясына” таянышат.

- Партиялар өз ара макулдашып, Ругованын ордуна, маселен, университеттин профессорун сунуш этиши ыктымал. Бирок андай киши статус боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жетиштүү саясий абройго ээ боло албайт. Кээ бир талдоочулар, балким, жаңыча көз карашка таянып, буга чейинки күрөшкө аралашпаган жаш лидерди тандоого убакыт келди дешет, - дейт Муур.

Президенттин орду үчүн күрөш кандай өнүкпөсүн, косоволуктар кыйын абалга кептелди көрүнөт. Биринчиден, Сербия тараптан парламенттик шайлоонун алдында ийкемдүүлүктүү күтүү кыйын. Белграддагы лидерлердин электоратынан кол жууп калгысы келбейт.

Экинчиден, айрым маалыматтарга ылайык ири державалар Косового эгемендик ыйгаруу менен серб азчылыгына эларалык гарантиялар берилсин деген сунушун даярдап жатышат.

XS
SM
MD
LG