Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

АКШнын аскерлери бүгүн эларалык агенттиктер үчүн иштеген ирактык кабарчыны бошотушту.


Ройтерстин оператору Самир Мохамед Нуур июнда камакка алынган.
15-январда ирактык дагы эки журналист аскерий түрмөдөн кое берилген.
Ройтерстин маалыматына ылайык, үчөө тең күнөөсүз кармалган.
Анын аралыгында, полициянын атын атабаган өкүлү Балад Руз шаарында козголоңчулар полиция кызматкеринин үйүнө ракета атып, анын 4 баласы жана бир тууганы каза болду деп маалымдады.
Бакуба калаасында жолго коюлган бомбадан кеминде 3 полициячы окко учту.
Америкалык армиянын өкүлдөрү болсо 20-январда эки жоокер бомбанын жарылуусунан ажал тапканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG