Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Бүгүн Косовонун парламенти президент Ибрагим Ругованы эскеришти.

Ругова кечээ 61 жаш курагында өпкө рагынан каза болду. Анын сөөгү бейшембиде Приштинада жерге коюлат. Провинцияда 5 күндүк аза күтүү жарыяланды. Премьер-министр Байрам Козуми элди биримдикке жана Ругованын ишин өтөcүнө чыгарууга чакырды.
Косовонун статусу боюнча 25-январга пландалган сүйлөшүүлөр эмки айга калтырылды. Ругова провинциянын көз карандысыздыгы үчүн тынчтык жолу менен күрөшүп келген саясатчы катары эскерилүүдө.
Косово – Сербиянын чөлкөмү, бирок 1999-жылдан бери БУУнун карамагына өткөрүлгөн.
XS
SM
MD
LG