Жекшемби күнү Боливиянын жаңы президенти Эво Моралестин тактыга отуруу салтанаты болду. Мурдакы койчу жана Боливиялык кока өстүрүүчүлөрдүн улуттук кошунунун башчысы ант берүү аземинде жергиликтүү индеецтерди дискриминациялоо токтотулат, 1520-жылы испан оторчулары басып алгандан берки индеецтерге каршы жасалган жамандыктар ашкере кылынат, коррупцияга чек коюлат деп убада берди. Салатанатка чет элдик сыйлуу коноктор жана он миңдеген боливиялыктар катышты.