Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Башкы прокуратура депутат А. Бекназаровдун үстүнөн кылмыш ишин козгоду


БИШКЕК. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун үстүнөн эки кылмыш ишин козгоду. Биринчиси – ал баш прокурор болуп турган мезгилде бир айымды кабыл албай койгондугу үчүн, экинчиси –24-декабрда Бишкекте өткөн Кыргызстан элинин 6-курултайы мыйзамсыз өттү деген күнөө боюнча. Аталган курултай «Асаба» кайра жаралуу партиясынын демилгеси менен өтүп, март окуяларына саясий баа берилип, өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал талкууланган. Курултайдын резолюциясында мамлекеттик башкаруу системасын тандап алуу боюнча референдумду 26-февралда өткөрүү, экс-президент Аскар Акаевди жана анын үй-бүлөсүн мыйзамсыз иштери үчүн жоопко тартуу, мурдагы бийлик учурунда иштеп, өлкөнү кризиске дуушар кылган чиновниктерди кызматтан алуу сунуштары айтылган.

XS
SM
MD
LG