ТАЛАС. Он миңден ашуун адам катышкан митингдин катышуучулары И. Айдаралиевге колдоо көрсөтүп, ага салт боюнча калпак кийгизип, губернатордун иш кабинетине көтөрүп алып барып отургузушту. Бул жөнүндө бүгүн облустук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
И. Айдаралиев өткөн жумада Президент жарлыгы менен Талас областынын губернатору кызматынан бошотулуп, Жалалабат дубанына губернатор болуп дайындалган. Бирок, Жалалабат губернаторунун кызматынан алынган Ж. Жээнбековдун жактоочулары Президент чечимине каршы чыгышып, үч күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Ушул окуядан кийин таластыктар И. Айдаралиевди Жалалабат кабыл албаса, аны Таласта губернатор кылып калтыруу жөнүндө Президентке кайрылышкан.