Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

БОРБОР АЗИЯ БИР ЖЫЛДАН СОҢ : ЭКСПЕРТТЕРДИН ОЙ-ТОЛГООСУ


Борбор Азия өлкөлөрүндө жүрүп жаткан саясий-экономикалык процесстердин айырмачылыктарына караганда жалпылыктары көбүрөөк. Ойдо жок жерден өз алдынчалыкка жетишкен бул өлкөлөрдө коомдук-саясий формацияны өзгөртүү, базар-нарк мамилелерине өтүү, демократиялык коомду куруу жагынан окшош проблемаларга туш келишүүдө. Дагы бир окшоштук - баарынын тең президенттердин жеке бийлик ыкралына баш ийип келатышкандыгы.

Жеке бийликти жактырган постсоветтик борборазиялык президенттердин арасынан А.Акаев айла жок кызматын таштап кетүүгө мажбур болгону менен, Кыргызстанда ыңкылаптан кийин чоң саясий өзгөрүш болгон жок. «Чыгыш» эларалык фондунун жетекчиси Муратбек Иманалиевдин ырасташынча, мындай жагдай башкаруучулар менен букаралардын ортосундагы келишпестикти дагы күчөткөндөн башкага жарабады:

- Тилекке каршы, жаңы бийлик деле бул тоскоолдон өтө алган жок. Ушу тапта Кыргызстанда бийлик түзүмдөрүнө ишенүү жок, андай ишеним бүлбүлдөп өчүп баратат. Менимче, Жалалабад облусундагы губернаторду кызматтан алуу буга дагы бир күбө болчу окуя болууга жарайт.

М.Иманалиевдин айтымында, алдагыдай салкын-суз мамиленин орношуна биралды бийликтин болочок тууралуу стратегиялык, программалык айкын-ачык максатынын жоктугу да себеп болууда. Саясий ресурстун супурасы түгөнүп, экономикалык таянычынын шылкыны бошоп турган Кыргызстан 8 айдан бери кайда барышын так аныктай албай келатат. Өлкөнүн кендирин кескен дагы бир орчун маселе коррупция болууда, деп билдирди М.Иманалиев. Азырынча жападан-жалгыз коррупциячы деп мурдагы президент А.Акаевдин гана аты аталууда.

- Бир гана нерсенин болбошун – 24-марттын дагы кайталанбашын тилеп отурабыз. Дагы бир ушундай, кечирип коесуздар, революция болсо Кыргызстандын ыры ырдалып бүтөт,- дейт Муратбек Иманалиев.

Жаңы коомдук мамилелерге өтүүнүн кыйынчылыктары үч милдет менен шартталган деп маалымдады казакстандык саясат таануучу Сабит Жусупов. - Иралды калктын жаңы шартка ыкчам ыңгайлашы, базар-нарк мамилелеринин орношу, жарандык коомдун калыптанышы зарыл. Бул жагынан алганда Казакстан реформалардын биринчи этабын аяктоодо,- деп айтты С.Жусупов.

- Чексиз президенттик башкаруу тууралуу аркыл пикирлер айтылып, ага түрдүүчө мамиле жасалууда. Чексиз президенттик бийлик Молдова менен жаңы жылдан берки Украинаны албаганда күнкорсуз шериктештигиндеги өлкөлөрдүн баарында бар. Мындай бийлик деле учурунда кыска убакыт ичинде бир саясий-экономикалык формациядан башкасына өтүү үчүн керек болгондур. Бирок анын кемчиликтери толтура экенин көрүп турабыз го, өлкөдөгү бийлик бир кишинин колуна, жер-жерлерде болсо акимдердин өкүмү жүрүп калат.

Сабит Жусупов постсоветтик өлкөлөрдү каптай баштаган «түстүү ыңкылаптар» баарына эле жайыла бербестигин белгилеп, адатта ал кедей өлкөлөрдү көбүрөөк айланчыктарына басым жасады. Саясат таануучу Биржан Мураталиевдин ырасташынча, Казакстанда олигархиялык капитализм курулууда. Бул өлкө үчүн жакшыбы же жаманбы, аны мезгил көрсөтөт.

- Бизде экономиканы көтөрүп, саясий өзгөрүүлөрдү экинчиге койдук. Башка калктарга караганда, кашыбыздагы Кыргызстанды алалы, Украина, Грузияда кийинки кездери саясий жагдайга көбүрөөк көңүл буруп кетишпедиби. Бирок да адам жагдайы бул жерлерде жеңил болгон жок. Кедейликти бул жерде деле көрүп турабыз,- деди Биржан Мураталиев.

Борбор Азия лөк өлкөлөр үчүн, Уинстон Черчилдин сөзү менен айтканда, тынбай сүт берип турган көөмүш уй, деп айтты кыргызстандык саясат таануучу Нур Омаров:

- Бул жерде чын эле проблема бар. Бизди биринчи иретте сырье, адам жана башка ресурстар катары карашат.

Байманалуу мамлекеттер Борбор Азияны теңата кабыл алып, алардын ынанымдуу өнөктөшүнө жетиш үчүн бу чөлкөмдөгү өлкөлөр ич ара биримдикте болушу керек.

XS
SM
MD
LG