Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Март ыңкылабынын башында турган саясатчылар президентке кайрылышат

БИШКЕК. Февраль айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров, «Асаба» партиясынын тең төрагасы Роза Отунбаева, Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков жана башкалар президент Курманбек Бакиев менен жолугушат. Алар өлкө башчысынан март ыңкылабында коюлган максаттарды аткарууну өтүнөт:

-Ыңклапта коюлган максаттардын бири да ишке ашпай жатат. Эгерде президент биздин сунуштарды мындан ары да эске албаса, анда биз элге кечирим сурап кайрылабыз,- деди Азимбек Бекназаров.

Президент менен болгон жолугушууда Конституциялык реформаны аягына чыгаруу, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүү, кадр саясатын өзгөртүү сыяктуу талаптар коюлмакчы.
XS
SM
MD
LG