Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Турсунбек АКУН: “РЫСБЕК АКМАТБАЕВ КРИМИНАЛДЫК ЧӨЙРӨНҮН АНА БАШЫ». ЖУСУП БАКИЕВ ГУБЕРНАТОРДУН ИШИНЕ КАНТИП КИЙЛИГИШКЕН.


Кабыл Макешов, Бишкек 24-январдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Рысбек Акматбаевдин чуулгандуу соту жөнүндө жана өлкөдөгү кадр саясатын сындаган макалаларды жарыялашты, Жалалабат жана Талас облустарындагы окуяларды талкуулашты. тууралуу макалаларды жарыялашты.

24-январдагы “Агым” гезитинде кабарчысы Асланбек Сартбаев президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун менен маектешкен. Анда Жалалабаттагы жагдай, кылмышкерлер дүйнөсүнүн учурдагы өкүмдүгү, Рысбек Акматбаевдин соту тууралуу кеп кылган.

“Рысбек криминалдык чөйрөнүн анабашы. Саналуу кишинин бири. Бакиев биздеги цивилизациялуу дүйнөнүн президенти болсо, Рысбек криминалдык дүйнөнүн президенти. Анан ушундай дүйнөсүн таштап коюп, Топчубек менен митингге чыкканы абдан эле аброюн түшүрүп койду.

Бул жигиттин кримавторитет экени бүт баарына белгилүү. Эски бийлик убагында куугунтук жеп, көрүнбөй жүргөн. Мен да катарында турган жаңы бийликтин чоң кемчилиги - ушу тушта криминалдык дүйнөнүн ачыкка чыгып алгандыгы. Азыркы бийлик криминалдар менен кызматташкан сыяктуу болуп кетти. Рысбекке окшогондор депутат же бир министр болуп калар... Бул кишилердин депутат болушун, коомдук ишмер болушун элестете албайм.” дейт Турсунбек Акун .”Агым” гезитине берген маегинде.

Ушул «Агымда» журналист Айнагүл Сапарбек экс-президент Аскар Акевдин кызыкчылыгын коргоп келген орусиялык юрист Максим Максимович менен маек курган.Ал Аскар Акаевди аягына чейин коргоорун, аны менен күнүгө телефон аркылуу 2-3 ирет сүйлөшүп тураарын, Владимир Путин Акаевди моралдык жактан колдоорун айткан.

- «Эч качан эч ким эч кимди кармап келип бербейт. Анан да Адил Тойгонбаев-Казакстандын атуулу, а бул өлкө эч качан башкага өз атуулун кармап бербейт. Мен анын кызыкчылыгын коргобогондон кийин, ал жөнүндө кеңири айталбайм. Ал эми Айдардын иши менимче, жакында токтойт. Мындай куугунтуктоо саясый негизде болуп атканы баарына түшүнүктүү .Ал келип иштөөгө даяр, бирок, мисалы, мен өз күчүм менен анын коопсуздугун камсыз кылалбайм» деген Максим Максимович «Агымга» берген интервьюсунда.

Жалалабат облусунун губернатору Жусупжан Жээнбеков «Агым» гезитине берген маегинде учурдагы Президенттин кадр саясатына каршы экенин айтып, кызматтан алаарда эч бир кеңешпегенин билдирген:

«Бир күн мурда Жусупбек Бакиев мага чалып, облустук бийликтин ишине кадимкидей кийлигишүүгө далалат кылды. Мен чындыгында, чыдаган жокмун, катуу кагып салдым. Болгону ошол.
Мен дайыма эл тараптамын. Кагылайын калкымдын кубаттоосу жана чечими мен үчүн бардык бийликтен жогору турат. Анүстүнө өмүрүмдү ажалга байлап Курманбек Бакиев менен март ыңкылабын чогуу жасаганбыз. Ошондуктан, азыркы жаңы кыргыз бийлигинин ар кандай кысымчылыгынан эч качан коркпоймун” дейт Жусупжан Жээнбеков.

Ушул теманы “Агымдын” кабарчысы Кенжебек Арыкбаев улантып, өз макаласы тууралуу мындай дейт:

-Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев дагы бир революционерди кызматтан алуу жөнүндө жарлыгын чыгарды. Бир жыл артка кылчаялычы... Акаев бийлигин алып түшкөн алгачкы кадам Жалалабатта башталган. Ошондо алгачкылардан болуп аталган облуста расмий бийликке каршы альтернативалуу элдик бийликтин кеңеши түзүлүп, Курманбек Бакиев башында турган "Кыргызстан элдик кыймылы" Жусуп Жээнбековду облустагы элдик бийликтин башына дайындаган. Эмне үчүн Жусуп Жээнбековду? Себеби, ошол учурда акаевдик системага кокосунан "тоюп" турган карапайым жалалабаттыктардын жүрөгүндө Сатыбалды Жээнбековдун ысымы кайрадан жанып турган эле. Экинчиден, өз мекенинен тышта жүргөн жалпы түштүк регионундагы эмгек мигранттары үчүн жан үрөп күрөшкөн Жусуп мырзанын да аброю жергиликтүү эл ичинде жогору болчу. Эл Ж.Жээнбековго ишенчү. Ошондо өлкөнүн булуң-бурчунда, айрыкча түштүгүндө болуп жаткан окуялардан улам президент Аскар Акаев улуттук теле аркылуу кайрылуу жасап, "Эл ичинде башаламандыкты атайылап уюштуруп жаткандардын аракеттери - кылмыш. Ал үчүн аларга мыйзам алдында катуу чара көрүлөт" деп зекигенине карабай, Жээнбеков элге берген сөзүнө туруп, өмүрүн тобокелге салып, алдыңкы катарда турду.

Облустагы милиция, жергиликтүү телекомпанияны "өз эркиңер менен элдик бийликке баш ийесиңер" деген талапты да алгач Ж.Жээнбеков айтып чыкты. Анан минтип жыл айланбай Бакиевди баш бийликке алып келүүгө зор аракетин жасаган лидер ошол эле К.Бакиевдин колу менен кызматтан алынды. Канчасы чын, канчасы калп (же элдин толкунунан чочуп кетиштиби), Акүй Ж.Жээнбековду Талас губернаторлугуна жөнөтмөкпүз деген "түштөн кийинки" шылтоосун айтып чыкты.


24- январдагы “Аалам” гезитин кыргыз тили, рух дөөлөттөрү тууралуу кеңири баяндады. Баяндамачы Рыскелди Момбеков “ Бечелге жөтөлдүн кереги бар беле?» деген макаласында өлкөдөгү учурдагы абал, кадрдык өзгөрүүлөр, калктын нааразычылыктары тууралуу кеп кылат.

“Өткөн жума этегиндеги эки облус губернаторлорунун орун алмаштырылышы орчундуу саясий окуяларга айланып кетти. Жалалабаттын жалпы эли шайлаган жаңы губернатор Жусупжан Жээнбековдун күтүлбөгөн отставкасы, күтүлбөгөн саясий окуялардын түрткүсү болду. Президентин пресс-катчысы Надыр Момуновдун айтымында караганда, маалыматтын кечиктирилгени буга себеп болуптур. Күнөөнүн баары президенттин чечимин чечкиндүүлүк менен, жеткиликтүү кылып жеткизе албаган чиновниктерде. Же, көнгөн адатыбызча муну дагы үчүнчү күчтөргө шылтай салабызбы? Анда, быйылкы жылдын кышкы суугун дагы алардын көрүш керек экенбиз да?! Мындай жол менен жүрө берсек, эртең мектеп окуучулары деле чыгат, «биздин директорду албайсыңар» деп. Эмнеси болгон күндө деле, мындай саясий акциялар жакшылыкка алып барбасы бышык.» деп жазат автор.

24-январдагы “Кыргыз туусу” гезити улуттук рухий мурастар, кыргыз элинин салттуу улуттук кийимдери тууралуу макалаларды жарыялады. Ошондой эле рухтун 100 долбоору тууралуу маданият министри Султан Раев түшүндүрмө берген. өлкөнүн саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязовдун “Кыргыз туусу” гезитинин окурмандарынын түз байланышта берген суроолоруна жооптору чыкты. Ушул гезит уюштурган “Кыргыз экономикасынын баласы биринчи туулганбы, же атасыбы?” деген талкууга экономисттер Айылчы Сарыбаев, Өмүрбек Абдырахманов жана Орозбек Дүйшеев катышкан.
23-январдагы “Вечерний Бишкек” гезити Кыргыз улуттук универниетинин ректору Ишенгүл Болжурованын чет өлкөнүн биринде Кыргызстандын тышкы саясатын сынга алышына өлкөнүн тышкы иштер министрлиги каяша кылып, ректордун андай пикир айтууга укугу жоктугун маалымдайт.
XS
SM
MD
LG