Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КОСОВОЛУКТАР ИБРАГИМ РУГОВА МЕНЕН КОШТОШУУДА


Косоводо провинциянын президенти Ибрагим Ругованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу 15 күнгө аза күтүү жарыяланды. Ругованын сөөгү учурда элдин коштошуусу үчүн провинциянын борбору Приштинада, парламент имаратына коюлган. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 26 –январда болот.

Кесиби боюнча адабият таануучу, профессор, кызыл жана кара түстүү моюн орогучун үзбөй салынган Ибрагим Ругова - Сербиядан көз карандысыздыкты көздөгөн косоволук албандардын узактан берки лидери эле. Ал өткөн ишемби күнү алтымыш бир жаш курагында өпкөнүн рак дартынан улам каза болду. Косоволуктар бул күндөрү өз лидери менен коштошуп жатышат. Приштинанын Назми Кожани аттуу тургуну:

-Биз аны жоктойбуз, ал Косово үчүн эбегейсиз иш жасады. Ал кыраакы адам, дүйнөгө белгилүү эле.

Приштиналыктардын экинчи бири Хазир Келменди:

-Бул Косово, албан улуту, баарыбыз үчүн чоң жоготуу.

Айткандай эле президент Ибрагим Ругованын өлүмү Косово үчүн кыйын кычыктуу жана тагдыр чечээр учурга туш келип жатат. Анткени ушул шаршемби күнгө Косовонун соңку статусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы белгиленген эле. Эми ал февраль айына жылдырылды.

Косово азыр укуктук жактан Сербия жана Черногориянын бир бөлүгү катары эсептелгени менен 1999-жылы НАТОнун Сербияга каршы аскерий операциясы аяктагандан бери Улуттар уюмунун администрациясы тарабынан башкарылат. Косоволук албандар сүйлөшүүлөрдүн аягы аларга көз карандысыздык алып келет деп үмүттөнүшөт, бирок Белград буга чечкиндүү түрдө каршы.

Косовонун утурумдук мыйзамдарына ылайык парламент провинциянын жаңы лидерин үч айлык мөөнөттүн ичинде шайлашы керек. Президенттин милдетин азырынча парламент төрагасы Неджад Даци аткарууда, бирок акыр аягында Ибрагим Ругованы ким алмаштырары жана алдыдагы чечүүчү сүйлөшүүлөрдө косоволуктарды ким жетектээри азырынча беймаалым.

Баяндамачылар Ибрагим Ругованын дүйнөдөн өтүшү менен Косовонун бийлик чөйрөсүндө боштук жаралганын белгилешүүдө. Себеби анын ордун басуучу мураскору жок эле. Андыктан, Ругованын ич ара бир нече фракцияга бөлүнгөн Косово Демократиялык Лигасына жаңы жолбашчыны табуу жеңил болбойт өңдөнөт.

Дүйнө лидерлери өз көңүл айтууларында косоволуктарды тынчтыкка, биримдикке, президент Ругованын тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу аракеттерин сактоого чакырды.



-Президент Ругованын лидерлигине, каармандыгына, өмүрүнө биз арнай алуучу эң мыкты эстелик – биримдикте турганыбыз. Жарандардын, мекемелердин баары президенттин идеяларын орундоо үчүн иштегендиги,- деп билдирди Сорен Жессин Петерсен, Улуттар уюмунун Косоводогу администратору.

Ибрагим Ругова 2004- жылдын декабрь айында атайын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда алдыдагы максаттары тууралуу мындай деп айткан жери бар эле:

-Келгиле, баарыбыз Косоводогу прогресс үчүн көбүрөөк аракеттенели. Ошол эле учурда ар бир улут бири экинчисин урматташ үчүн ич ара чыдамкайлуулуктун нугунда да иштешибиз абзел.

Маркум Ибрагим Ругова Косовонун өзү тынч жол менен күрөшкөн көз карандысыздыгына жетпей калганы менен косоволуктардын эсинде ушул жараяндын башында турган адам катары калмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG