Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 03:13

КАЗАКСТАНДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ КАНЧАЛЫК ТУРУКТУУ ?


Казакстанда, экономика мурдагы советтик республикалардын башкаларына салыштырмалуу тез өнүгүүдө. 2005-жылдын экономикалык жыйынтыктары азырынча толук чыгарыла элек, бирок баштапкы эсептөөлөргө караганда, улуттук дүң өндүрүш былтыр 9,2%га жогорулаган. Анткен менен эксперттер Казакстандын экономикалык ийгилиги эл аралык базарда мунай баасынын кыбаттыгына көз каранды болгондуктан, туруктуу эмес экенин белгилешет.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин айтымында, Казакстан алдыдагы он жылда дүйнөнүн эң алдыңкы 50 экономикасынын катарына кошулмакчы. Ал бул тууралуу былтыркы президенттик шайлоо компаниясынын жүрүшүндө айтып жүргөн эле, ушул айда президенттигинин кезектеги жети жылдык мөөнөтүнө расмий киришүү салтанаты учурунда да кайталады:

-Менин узактан берки максатым - Казакстанда кийинки он жылдыкта дүйнөнүн атаандаштыка жарамдуу элүү өлкөсүнүн катарына алып чыгуу. Өнүгүү жалгыз эле экономика, кирешенин же улуттук дүң өндүрүштүн жан башына туура келген үлүшү менен эле аныкталбайт. Мен өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги төрт ченеми жөнүндө айтып жатам. Бул - саясий, экономикалык, социалдык жана маданий ченем.

Акыркы беш жылдан бери Казакстанда улуттук дүң өндүрүш жылына 9-10%га жогорулоодо. Өлкөнүн улуттук статистикалык комитетинин башчысы Кали Абдиевдин айтымында, быйылкы өсүш 9,2%ды түзөөрү күтүлүүдө. Ал белгилегендей, маселен 2008-жылга карата улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү 2000-жылга салыштырганда эки эсеге көбөйөт. Бул - КМШ өлкөлөрү ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Былтыр жыл соңундагы президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев сап кармаган негизги нерселер- экономикалык жетишкендик менен саясий стабилдүүлүк маселеси болду. Анткен менен айрым көз карандысыз эксперттер Казактандын ылдам өнүгүүсү азыркы бийликтин реформачыл саясатынын гана натыйжасы эмес экенин белгилешет.

Дефни Тер – Сакариян - Лондондо жайгашкан, "Economist Intelligence Unit" уюмунун аналитиги:

- Казакстандагы экономикалык өсүштүн артында турган эң башкы фактор- тышкы чөйрөдөгү жагымдуу жагдай. Мунай баасынын кымбаттыгы аны өндүрүүгө гана шыкак бербестен, бул тармакка инвестициянын келишин шарттодо. Жок дегенде дагы орто мөөнөттүн аралыгында баанын арзандабашы күтүлгөндүктөн, ал бул чөйрөдөгү долбоорлорго кызыгууну жаратып жатат.

Табихый байлыктарга гана көз карандылык улуттук экономиканын туруктуулугун кепилдебейт. Муну казак бийликтери деле түшүнөт. Андыктан алар экономиканын мунайдан башка, атап айтканда машина куруу, металлургия, текстиль, телекоммуникация тармактарын да өнүктүрүү зарылдыгын билдиришкен. Бирок аналитик Тер -Сакарияндын пикиринде, казак бийлиги азырынча аталган тармактагы реформаларды ишке ашыруу боюнча саясий эркин көргөзө элек:

-Казакстандагы проблема – ишке ашыруу. Өкмөт биз ушул тармактардын өнүгүшүн көздөйбүз деп айта алат. Бирок инвестициялык климат жакшы эмес. Коррупция кеңири тараган. Бул инвестиция салуу ишин татаалдаштырууда. Ага катар Назарбаевдин үй –бүлөсүнүн тамыры терең жайылган. Казакстанга инвестиция салыш үчүн туура байланышың болуш керек. Сиз ошондой эле эгер бизнесиңиз жакшы кете баштаса, Назарбаедин үй- бүлө мүчөлөрүнүн бирине тарттырып жибербешиңизге кепилдик жок.

Айткандай эле Казакстанда экономиканын манилүү тармактарын президент Назарбаeвдин үй-бүлө мүчөлөрү же тааныштары көзөмөлдөйт. Мурда улуттук банктын төргасы, каржы министринин кызматтарында иштеген , азыр "Нагыз Ак жол" деп аталган оппозициячыл партиянын теңтөрагаларынын бири Ораз Жандосов да коррупцияны, тууганчылыкты, жеке секторго мамлекеттин кийлигишүүсүн келечектеги өнүгүүнүн тоскоолдуктары катары эсептейт:

-Азыркы бийликтин катачылыктарынын бири - өзү тикелей бир нерсе өндүрүүнү көздөгөндүгү же кайсыл бир аймактар, тармактар үчүн салык жана башка жагынан жагымдуу шарт түзүп жаткандыгы. Бул - чыныгы прогрессти токтоткон жаман адаттардан. Жеке сектордун өнүктүргөндүн ордуна мамлекеттин тигил же бул тармакка кийлигишүүгө аракеттенген учурлары бар.

Ораз Жандосовдун пикиринде, Казакстанда азырынча соттор да аткаруу бийлигинен көз карандылыкка жетише элек. Билим берүү системасы кесиптик чеберчилиги мыкты адистерди чыгаргыдай деңгээлге көтөрүлдү деп айтуу кыйын. Ушул факторлордун баарын бириктиргенде, президент Нурсултан Назарбаевдин он жылда Казакстанда алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошуу жөнүндөгү убадасы реалдуу эмес.

Лондондогу "Economist Intelligence Unit" уюмунун эксперттери Нурсултан Назарбаевдин соңку президенттик шайлоодогу жеңишинин масштабы анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары экономикадагы көзөмөлүн дагы күчөтүп, атүгүл кээ бир өнөктөштөрүн четтетээрин да ишаара кылганын боолголошот. Ушул нерсе жакынкы келечекте өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурчудай. Аталган уюмдун эксперттери ошондой эле Казакстан алдыдагы жылдары улуттук дүң өндүрүштүн 8%дан ашуун өсүүсүн камсыз кыларын, бирок быйыл жана келерки экономикалык өнүгүүнүн ыргагы басаңдарын болжолдойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG