Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

ГРУЗИЯ ГАЗЫ ЖОК ЖАНА ЭЛЕКТР КУБАТЫСЫЗ КАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Жекшембиге караган түнү Кавказ чөлкөмүндө бир нече жарылуу болуп, эки газ кууру жана электр байланышы үзүлдү. Натыйжада Грузия бир нече күнгө газы жок калды, кошуна Армения менен башка жумурияттар дагы жапа чегүүдө, бирок Грузия жетекчилиги ал жарылуулар үчүн Орусияны күнөөлөдү.

Биринчи жарылуу ишембиден жекшембиге караган түнү эртең мененки саат үчкө жакын Моздок-Тбилиси газ куурунда болгон. Жыйырма мүнөттөн кийин - андан дээрлик эки эсе чоң башка куур да жарылды. Андан соң жекшемби күнү түшкү саат он экиге жакын кошуна Карачай-Черкес жумуриятында электр линиясында жарылуу болуп, Грузиянын бир топ аймагы электр кубаты жок да калды жана өлкө саясатчылары бул окуялардын кокусунан болгонуна ишенбейт.

Грузия президенти Михаил Саакашвилинин айтымында, түзүлгөн абал үчүн бир гана өлкөнү күнөөлүү деп эсептесе болот, ал - Орусия: "Аны менен Орусия - Грузиянын газ куурлар системасын Маскөөнүн көзөмөлү алдына өткөрүп алуу боюнча чатакта Тбилисини багындырууга аракеттенип жатат", - деп билдирди Саакашвили.

"Би-би-си" компаниясына 22-январда берген интервьюсунда Саакашвили - Грузиянын газ куурлар системасын Маскөө көптөн бери Орусияга сатууну талап кылып келген деп билдирди. Бирок Тбилиси ага макул болбой койгондо, кыштын чилдесинде силерге кеткен газ куурлары кокусунан жарылып кетип, же электир кубаты дагы кышында кокусунан үзүлүп калышы мүмкүн деп орус саясатчылары бизди коркуткан деди Грузия президенти ал интервьюда.

Окшош талап менен 2004-жылы Маскөө Беларуска да кайрылган, Минск ага каршы чыкканда, газдын берилиши токтотулуп, акырында Беларус өз аймагы аркылуу Европага кеткен куурларды Маскөөгө сатууга аргасыз болгон жана азыр бир миң куб метр газды Орусиядан ал 46 жарым доллардан сатып алууда.

Ошондой эле талап менен 2005-жылы Маскөө Украинага да кайрылган, Киев аны четке каккандан кийин, Маскөө 2004-жылы беш жылга түзүлгөн контракттын шарттарын өзгөртүп, газдын баасын 460 пайызга көбөйткөн. Батыш өлкөлөрүнүн кийлигишүүсүнөн кийин гана эки өлкө ортосунда мунаса табылды. Өзүнүн куур системасын Маскөө көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө көпкө каршы болуп келген Молдовага берилген орус газынын баасы дагы жаңы жылдан тартып кескин көтөрүлдү.

Бирок Маскөө менен эч качан араздашпаган Арменияга карата деле дал ошондой саясат жүргүзүлүүдө жана декабрда - газдын баасы 54 доллардан 110 долларга чейин көтөрүлөт деп жарыяланган. Анткен менен мурдагы баа дагы бир жыл сакталсын десе, Армения өзүнүн куур системасын Маскөөгө сатууга тийиш. Бир ай ойлонгондон кийин Ереван - анын аймагы аркылуу курулуп жаткан Орусия-Иран газ кууруна болгон көзөмөлдүн 45 пайызын Орусияга сатууга макул болду жана 22-январда президент Роберт Кочарян Маскөөгө учуп келди.

Грузия андай мунасага азырынча барбай жатат жана президент Саакашвилинин Маскөөгө каршы айтылган катуу сөздөрүн орус тышкы иштер министрлиги четке какты, президент Владимир Путин болсо жарылуулардан бузулган куурларды тез арада оңдоого буйрук берди. Орусиялык "Коммерсант" гезити 23-январда жазганга караганда болсо, Грузия парламентинин комитет төрагасы Константин Габишвилинин айтымында, жарылууларды - Түштүк Осетиянын аймагында аракеттенген орусиялык бейпилдик күчтөрү "Газпром" ишканасынын кызыкчылыгында уюштурган болушу да мүмкүн.

Орус жетекчилери окуяны алгач - техникалык себептерден болгон жарылуу деп чыккан, андан соң Федералдык коопсуздук кызматынын эксперттери аны теракт деп мүнөздөдү, бирок баш прокурордун орун басары Николай Шепелдин айтымында, аларды террордук аракет деп атоого азырынча далил жетишсиз.

XS
SM
MD
LG