Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Алдаяр Исманкулов деген ким?


БИШКЕК. Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө шектүү кишинин кармалышы боюнча 24-январда парламентте ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев менен бирге баш прокурор Камбаралы Конгантиев менен Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орун басары Абдижалил Жамалов да маалымат беришти. Депутаттар Алдаяр Исманкуловдун ким экенине, анын коопсуздук кызматына кантип келип калганына кызыгышты. Бирок аталган кызмат торагасынын орун басары Жамалов депутаттардын суроолоруна так жооп бере албай, Исманкуловдун өңүнөн тааныбастыгын билдирди. Баш прокурор да маселени так билбестигин, аны камоого санкцияны эч ким сурабаганын айтып, суроолорго жооп берүү үчүн убакыт сурады. Жыйында Алдаяр Исманкуловдун улуту корей экени, чыныгы фамилиясы Ким экени, кыргыз дене тарбия академиясынын ректору Валерий Кимдин уулу экени тууралуу маалыматтар айтылды. Анын коопсуздук кызматына кантип келгени, кандайча Исманкулов деген ат алып алганы тууралуу суроолор жоопсуз калды. Бул маселеге парламент бейшембиде кайрадан кайрылат.

XS
SM
MD
LG