Кувейттин парламенти бүгүн эмир Саад ал-Абдулла ал-Сабахтын кызматтан кетиши үчүн добуш берди жана маселени эми 31-январда өлкө өкмөтү талкуулайт. Эмир жетимиштен ашкан жана оорулуу. Өлкө падышасы эмир Жабер ал-Ахмед ал-Сабах 15-январда дүйнөдөн кайткандан кийин бийлик Абдулла Сабахка өткөн.