БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 24-январь күнү иш сапары менен Санкт-Петербургка жол тартты. Өлкө башчы Евразиялык экономикалык шериктештикке кирген мамлекеттердин жетекчилеринин кезексиз саммитине катышат. Анда Өзбекстанды Евразеске мүчөлүккө кабыл алуу, Евразес уюмунун алкагындагы кызматташтыкты жакшыртууга байланыштуу айрым маселелер каралат. Саммитте Евразес өлкөлөрүнүн интеграцияланган валюталык рыногун түзүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү, уюмга кирген өлкөлөрдүн чегара кызматтарынын ортосундагы кризистик кырдаалдар орун алган учурларда кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө.