Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

САДДАМДЫН СОТУ КАЙРАДАН КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛДЫ


Иракта, мурдагы президент Саддам Хусеиндин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяны алдыдагы жекшембиге чейин токтотулду. Анын себебин соттун өкүлү айрым күбөлөрдүн чет өлкөлөрдө жүргөндүгүнө байланыштуу деп түшүндүрдү.Сот ишинин кайра башталуусу шейшемби күнгө белгиленген болчу. Анткен менен мунун жуп алдында сот жараянында төргалык кылууга жаңы адамдын дайындалышы кайчы пикирлерди жараткан эле.

Сот жараянына буга чейин улуту боюнча күрд Ризгар Амин аттуу судья төрагалык кылып келген эле. Бирок ал сот залында Саддамга жана анын шериктерине өтө эле жумшак мамиле кылганы үчүн жергиликтүү маалымат каражаттарында катуу сынга алынган соң январдын орто ченинде кызматтан чегинген. Ушул дүйшөмбү күнү соттун убактылуу төрагалыгына кайра эле улуту боюнча күрд Абдел Рахман аттуу судья дайындалды.

Мындай соңку өзгөрүүлөр соттун адилеттүүлүгү боюнча жаңы суроолордун чыгышын шарттоодо. Сот жараяны буга чейин да бир нече ирээт токтотулган, адвокаттар арасынан экөөсү киши колдуу болгон. Саддамдын өзүнүн сот жараянын жүрүшүндө өтө эмоционалдуу билдирүүлөрдү жасаган жери бар. Маселен декабрдагы отурумда ал мындай деген эле:

-Ак үй калп айтууда. Алар жалганчылар, кайрадан жанын жеп жатат. Алар дүйнөнүн эң биринчи жалганчысы экенин өздөрү билишет. Ирактын химиялык куралы, террорчулар менен байланышы бар деп айтышкан. Бирок Ирактан ушул нерселерди табышпаганы жөнүндө эч ким ооз ачкан жок.

Саддам сот залын жогорудагыдай кептерди айтуу максатында пайдалануусуна мүмкүндүк бергени үчүн төрага Ризгар Амин Ирактын өзүндө гана эмес четте да сынга алынган. АКШ Сенатынын юридикалык комитетинин төрагасы Арлен Спектер өткөн айда Багдадда болгон учурунда Аминди сотто Саддамдын үстөмдүк кылуусуна жол берип, жараянды анын арыз-муңу айтылуучу жыйынга айлантып жибергени үчүн күнөөлөгөн.

Ирактын Жогорку сотунун түшүндүрмөсүнө караганда, Ризгар Амин иштен жеке себептерине байланыштуу кетти. Бирок Лондондо чыгуучу араб тилдүү "Ал- Шарх, ал- Авсат" гезитинин жазганына караганда, ал сот залында катаал болуусун талап кылган саясий кысымга каршылык билдирүү иретинде кызматтан чегинди.

Ризгар Амин январдын ортосунда арызын тапшырган соң төрагалыка анын орун басары, шийит Саид Хамиш дайындалары маалымдалган эле. Бирок анын дарегине да сын –пикирлер жамгырдай жаады. Көрсө Саид Хамиш мурда Саддамдын "Баас" партиясынын мүчөсү болгон экен. Андыктан "Баас" партиясынын мурдагы мүчөлөрүн жетекчи кызматтардан четтетүү боюнча иш жүргүзгөн өкмөттүк комиссия да буга байланыштуу нааразылык билдирген.

Ал эми акыр аягында төрагалыка дайындалган Абдел Рахман Ирактын күрддөр жашаган Халабжа шаарынан. 1988-жылы бул шаарда Саддамдын желдеттери 5000дей күрддү газга уулап өлтүргөн болчу. Каза тапкандардын арасында жаңы төраганын туугандары да бар экен.

Саддам келечекте ошол иш боюнча башка сотто жоопко тартылган учурда да, сынчылардын айтымында, Абдел Рахмандын өткөн теги ал сотто калыс боло аларынан күмөн санатат. Ал эми мурдагы төрага Ризгар Амин сотко тыштан таасир көргөзүлүүдө же ал калыс боло албайт деген пикирлер менен макул эмес:

-Мен жеке өзүм сырттан кандайдыр бир кийлигишүүнү четке кагам. Түздөн- түз кийлигишүүнү сезген жокмун. Мен жумушумду калыс жана көз карандысыз аткардым деген ишенимдемин. Мен азырынча ушуну гана айта алам.

Сот жараяны былтыр 19- октябрда башталгандан бери сегиз отурумун өткөрдү. Саддам Хусеин жана анын жети шериги азырынча бир эле кылмыш иши боюнча гана 1982-жылы, мурдагы президенттин өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин Дуджайл деген кыштакта 150дөй шийиити кырганы үчүн айыпталууда. Бирок сот жараянын буга чейинки отурумдары көргөзгөндөй, Саддам Хусеин өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG