Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

OРУСИЯДА ТЫҢЧЫЛАР ЖАҢЖАЛЫНАН УЛАМ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРГА КЫСЫМ КҮЧӨДҮ


Жаныл Жусупжан, Прага Кыргызстандын Юстиция министрлиги чет өлкөдөн каржылык жардам алган бейөкмөт уюмдардын ишин текшере турган болууда. Юстиция министри Марат Кайыповдун сөзү боюнча, 24- январда маалым болгон бул чара Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген уюмдарды аныктоо максатын көздөйт экен. Ал эми Орусияда укук коргоочу уюмдарды каржылаган Британиянын тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тыңчылыкта айыпталган жаңжал басыла элек.

Ушул дүйшөмбүдө Орусиянын мамлекеттик сыналгысы болгон РТРден аска тууралуу телесюжет көрсөтүлдү. Бирок бул жөнөкөй аска эмес экен. Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын ырастоосунда, бул жасалма аскада британиялык тыңчылар маалымат алмашкан жабдык катылган. Бул телеберүүдөн кийин ФСБ дароо бир канча тандалма журналистти чакырып, пресс-конференция өткөрдү. ФСБнын улук маалымат катчысы Сергей Игнатченко Маскөөнүн көчөсүндө атайын жайгаштырылган асканы тыңчылар кандай колдонушканын мындайча түшүндүрдү:

- Иштин төркүнү мында. Тыңчы өз агенти менен жолугушпастан байланыша алат. Ушуну элестетип көрөлү: маалымат бере турган агент асканын жанынан өтүп баратып, ага 20 метрдей калганда, атайын жабдык аркылуу маалыматын жиберет. Тыңчы да асканын жанынан өтүп, ал маалыматты алат да, агентине жаңы көрсөтмө берет.

Игнатченко ошондой эле британ элчилигинин тыңчылары менен иштешкен орус атуулу камакта экенин, күнөөсүн мойнуна алгандыгын маалымдады. ФСБнын маалымат катчысы мындан тышкары аталган элчиликтин кызматкерлеринин бири Британиянын тышкы иштер кеңсесинин, же тышкы иштер министрлигинин Глобалдык Мүмкүнчүлүктөр Кору аркылуу орусиялык бейөкмөт уюмдарга каражат берип келгендигин билдирди. Игнатченконун айтымында, мындай жардам алган 12 уюмдун ичинде Камактагыларды Кыйноого Каршы комитет, Демократияны Өнүктүрүү Борбору, Евразия Кору жана Маскөөдөгү Хелсинки Тобу бар.

Ушул эле күнү Улуу Британиянын Тышкы иштер кеңсеси "орусиялык бейөкмөт уюмдар менен алакабызда эч кандай ыйкы-тыйкы иштер болгон эмес" деп айтылган билдирүү жарыялады. Билдирүүдө ошондой эле Британ өкмөтү адам укуктары жана атуулдук коом жаатында орусиялык бейөкмөт уюмдарга каржылык жардам көрсөтүп келатканы жакшы белгилүү экендиги эске салынат. "Биздин жардам ачык берилет, мындай жардам Орусияда атуулдук коомдун тирдигин колдоо максатында берилип келди" деп айтылат документте.

Людмила Алексеева Маскөөдөгү Хелсинки тобунун төрайымы. Ал анын тобу британ элчилигинен 2004-жылы акча алгандыгын билдирди. Бул каражатка укук коргоочу активисттер Улуу Британияга барып, адам укуктары боюнча эл аралык келишимдер менен таанышууга мүмкүндүк алышкан. Алексеева "тыңчылар аскасынын" айланасындагы жаңжалды шайлоого байланышкан "фабрикация" деп мүнөздөдү:

Мен түшүнгөндөн, бул аракеттердин максаты Орусиядагы атуулдук коомдун күжүрмөн жана көз карандысыз бөлүгү болгон укук коргоочу уюмдарды талкалап жок кылууга элди даярдоо болуп саналат. Укук коргоочуларды куугунтуктап, андан соң атуулдук коомду тебелеп-тепсеш керек. 2007-2008-жылдардагы шайлоолорго карата жана андан кийинге алардын жаагын жап кылыш керек болуп жатат.

Ирина Якишина Маскөөдөгү Евразия корунун директору, ал Британ элчилигинен 2005-жылы каражат алынбаганын билдирди. Бирок 2004-жылы уюм Орусиянын элеттик көз карандысыз гезиттерин колдоо максатына 105 миң доллар грант алган.

Тыңчылар жаңжалы иш жүзүндө Орусияда бейөкмөт уюмдарга каршы кысымды күч алдырган өнөктүктүн бир гана көрүнүшү. Ушул айдын башында президент Владимир Путин бейөкмөт уюмдардын ишин тескеген жаңы мыйзамга кол койду. Анда бейөкмөт уюмдарды каттоо жана алардын иши боюнча катаал чаралар каралган. Саясатка аралашкан уюмдардын чет өлкөдөн каражат алышына иш жүзүндө тыйуу салган мыйзам апрель айында күчүнө кирүүдө.

Көз карандысыз байкоочулар белгилешкендей, Орусиянын ФСБсы буга чейин да бейөкмөт уюмдарды улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп айыптаган учурлар болгон. Азыркынын айырмасы мурда мындай кысым астыртадан жасалса, 22-январда "тыңчылар аскасы" тууралуу телесюжет РТРден улам кайталап көрсөтүлдү. Мындай ыкма калктын кырдаал менен тааныштыгы жок жана ишенчээк катмарларына өз таасирин тийгизбей койбойт деп чочулашат укук коргоочулар.

XS
SM
MD
LG