Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

ПАСЕ ГРУЗИЯ ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ БААСЫН БЕРДИ


Амирбек Азам улуу, Прага Европа Кеңеши Грузия өкмөтүнүн акыркы бир жылдагы ишмердүүлүгүн колдоп, бирок, чечилбеген дагы көп проблемалар бар экенине көңүл бурду. Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы-ПАСЕ шейшемби күнү кабыл алган резолюцияда роза ынкылабынан кийинки эйфория азыр прагматизм менен алмашканы, өлкө демократиялык жолдун башатында турганы жана грузия жетекчилиги алдында аткарууну күткөн зор иштер турганы белгиленди.

Еврокеңеш шейшемби күнү Грузиянын ынкылапчыл жетекчилигине берген баасы мурдакыга караганда бир кыйла катаал болду. Баш докладчылардын бири Матяс Орси өлкө туруктуу өсүү жолунда экенин жупуну белгиледи:

-Саясатта көбүн эсе жаңылык жок болсо жакшы дешет. Ошентсе да, Грузияда айрым жаңылыктар болду. Бирок, Грузия өзүнө алган милдеттенмелерди негизинен аткарды деп айта алам. Чоң масштабдуу реформа жүрүүдө жана алар туура багытта экенин биз сезүүдөбүз.

Докладчы андан ары сөзду улап, Абхазия жана Түштүк Осетия маселеси жылбай жатканына токтолду:

-Ажариянын конституциялык макамы-эң чоң маселенин бири. Себеби, биз Түштүк Осетия жана Абхазия жөнүндө кеп кылганда, оң жылыш жок экени үчүн тышкы күчтөрдү айыптаганыбыз абдан жеңил иш. Бирок, Ажариядагы сестема жакшы болсо, грузиндер дагы көптү жасашмак. Эгерде Грузин парламенти эки палаталуу болуп түзүлсө, ошондо Абхазиянын жана Түштүк Осетиянын калкы үчүн жакшы жышаан болмок; алар Грузияга кошулса, элине адилет мамиле жасалмак деп ойлойм. Грузин бийликтеринин убадасы ушундай болгон.

Еврокеңеш Грузияга элдешүү сүйлөшүүлөрү башталгандан мурда Абахазия менен Түштүк Осетиянын автономиялык укуктары кеңейтилет деп кепилдик берүүнү сунуш кылган. Тбилиси бул эки регионду- элинин көбүн грузиндер түзгөн Ажария менен салыштыруу натуура деп, сунушка көнгөн эмес.
Грузия парламентинин мүчөсү Елене Тевдорадзе айым “Азаттыкка” берген интервьюда анын жөнүн мындайча түшүндүрдү:

-Биз Еврокеңештин сунушун кудуретибиз жетпегенден эмес, ал бүгүн Грузия үчүн маанилүү болбогондон улам аткарбадык. Биздин өз жүйөбүз бар. Биз үчүн Еврокеңештин сунуштарынын ичинен өзүбүз оң тапкандарыбызды аткаруу маанилүү жана алардын экөөсү гана аткарылбай калды.

Страсбургга барган грузиялык делегациясынын башчысы Георгий Бокерия болсо өз өкмөтүнүн көз карашын ачык айтты:

- Грузия туруктуу, демократиялуу, алдыңкы Европа карманган багытта алга жылууда. Бул Еврокеңештин резолюциясында да белгиленди. Еврокеңеш биз үчүн өтө маанилүү форум жана бул багытта алга жылуубузга жардам берчү инструмент саналат. Бул бирок бардык эле маселеде биз аны менен макулбуз дегенди билдирбейт. Еврокеңеш-биз тандаган жол жана андан бизди эч ким чыгара албайт. Бирок, Кремль менен Страсбургдун айрымасы ачык. Страсбургда буйрук беришпейт, маселе талкууласа болот.

Георгий Бокериянын сөзү Европарламенттин мүчөлөрүн ындандырды дешет байкоочулар. Анткен менен, грузин жетекчилигинин парламентке шайлоодо 7 процент эмес, партиялар 5 процент добуш алса, кирсин деген сунушун, президенттин бийлик укугун азайтууга макул келбегени Евробримдикке жага бербеди. Андыктан, ПАСЕнин 24-январдагы резолюциясында көрсөтүлгөндөй, дал ушул сунуштардын аткарылышына жараша, Евросоюз келерки жылы Грузияга баа берээри талашсыз.

XS
SM
MD
LG