Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

КООПСУЗДУККА КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРГА ЖОРТУУЛ БАШТАЛАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргыз бийлиги өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдардын мыйзам чегинде иштеп жаткандыгын текшерип чыкмакчы болууда. Бул туурасында адилет министри Марат Каипов 24-январда жарыя кылган болчу. Министрдин билдирүүсү дароо эле бейөкмөт уюмдар арасында нааразылыкты пайда кылды. Алар мындай кадамды демократиялык принциптерге кол салуу аракети катары четке кагышууда.

Бей өкмөт уюмдарды текшерүү укук коргоо жанга коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлөт. Алар ишмердиги шек туудурган айрым бейөкмөт уюмдарды гана текшерип чыгарын адилет министри Марат Кайыпов билдирген:

Өлкөнүн коопсуздугуна коокунуч туудурган, анын кызыкчылыгына каршы иштеген, Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарын сактабаган бейөкмөт, коомдук уюмдар жабылышы керек. Анткени, айрым бейөкмөт уюму катары катталып, бирок, эстремисттик, террористтик максаттарды көздөгөн уюмдар да бар. Алар текшерилиши керек .

Адилет министрлигинин маалыматы боюнча буга чейин да өкмөттүк эмес уюм катары катталып алып Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туудурган иш-аракеттерди жүргүзүп келген диний уюмдардын бети ачылган. Ошондуктан мамлекеттик өкүлдөр коомдук уюм макамына жашынып алып, диний экстремисттик иштерди жүргүзүп жаткан уюмдарга тыюу салууга мезгил жеткенин белгилешет.

-Эми бизде соңку мезгилде элди бир катар диний уюмдар тынчсыздандырууда. Эл айтса – бекер айтпайт. Бейөкмөт уюм катары катталып алып, өздөрү диний-экстремисттик иштерди жүргүзүүгө аракет жасашат. Албетте, алар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондуктан, айрым бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүү – бул керектүү иш, андан эч кандай зыян болбойт, эгерде баары мыйзам чегинде жүргүзүлсө,- деп айтты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов.

Кыргызстанда ушул тапта жети миңден ашык бейөкмөт уюмдар катталган. Бейөкмөт уюмдардын саны боюнча Кыргызстан көп өлкөлөрдөн алдыда экендиги демократиялык жетишкендик катары бааланып, кыргыз бийлиги эл аралык уюмдардын алдында мактанып келаткан. Кыязы эми бул демократиялык жетишкендик бийлик өкүлдөрүн тынчсыздандырган чекке жеткен сыяктуу.

Бейөкмөт уюмдар өкүлдөрү өз кезегинде аларды текшерүү жөнүндө өкмөт чечимин кабатырлануу менен кабыл алышты. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар биримдигинин жетекчиси Эдил Байсалов бул маселе баары бир бейөкмөт умдарына карата кысым көрсөтүү аракетине алып келиши мүмкүн дейт.

Мындай текшерүү бизди анчалык чоочулаткан жок. Анткени, биздин уюм өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган иш-аракеттерди жүргүзбөйт. Биз өз Уставыбызга ылайык, өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде иштейбиз. Бирок, ошентсе да, мындай кадамды укук коргоо, бейөкмөт уюмдарына кысым көрсөтүү катары да бааласа болот. Бул чет өлкөлөр тарабынан да сынга алынышы мүмкүн,- деди Эдил Байсалов.

Байкоочулар чет элдик грант каражат көп берилип жаткан үчүн бейөкмөт уюмдар көбөйүп кеткенин белгилешет. Ошондуктан, айрым уюмдар жалан эле ушул максатта уюшулуп да калган мисалдар да толтура, дейт «Шумкар» коомдук уюмунун өкүлү Курманбек Берикбаев:

- Биздин айрым бейөкмөт уюмдар эптеп эле кандайдыр бир толкундоолор болсо экен, анан гранттарды алуу үчүн долбоорду жаза койсок, акча алсак деген максатты көздөгөндүгү жөнүндө айтып кетсек болот. Алардын башкы максаты – чет өлкөлүк уюмдардан көбүрөөк гранттарды алуу деп айтаар элем. Адам укуктарын коргоо, атуулдук коммду өнүктүрүүгө салымы чоң бейөкмөт уюмдар бизде саналуу эле .

Саясатчылардын бир даары укук коргоо органдарынын бейөкмөт уюмдардын ишин текшерүүгө каршы олуп жатышат. Мисалы, Жогоку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабековдун оюнча бейөкмөт, коомдук уюмдар улуттук коопсуздукка кандайдыр бир таасирдүү коркунуч туудурбайт:

-Мен, мисалы, бейөкмөт уюмдардын текшерилишине каршымын. Анткени, алар өлкөдө сөз эркиндиги болушуна, демократиянын өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда. Ал эми президентти сындагандыгы үчүн, бийликтин мыйзамга каршы иш-аракеттерин сынга алгандыгы үчүн аларды текшерүү туура эмес. Тескерисинче, улуттук коопсуздук кызматын жана башка мамлекеттик структураларды текшерүү керек.

XS
SM
MD
LG