Акыркы күндөрдө сууктан Польшада 160тан ашык адам, Орусияда бир жүз кыркка жакын, Түркияда он бештен көп киши өлдү. Алманияда болсо рекорд коюлду - Дрезден шаарында 24-январда аба температурасы Цельсий өлчөмү боюнча минус 24 градуска жетти, мурдагы рекорд - минус 23,1 градус - мындан 113 жыл мурда, 1893-жылдын 19-январында катталган.
Айрым эксперттер мындай суук - жалпысынан Жер шарындагы климаттын улам жылуу болуп баратканына каршы келет деген пикир билдирүүдө, бирок АКШнын Космостук агенттигинин эксперти Гэвин Шмидтин айтымында, андай пикир туура эмес: "Аба ырайы жалпысынан улам жылып баратканы чындык. Деңиз жана тоолордогу муздар эрип, деңиз суусу менен жердин температурасы улам көтөрүлүп баратат. Жыл өткөн сайын жаз эртерээк келе баштады. Бирок кайсы бир жерде суук түшкөн ар бир учур андай жалпы көрүнүшкө каршы келбейт. Мисал үчүн Европадагы азыркы суук мезгил - жөн гана атмосфера катмаралары алмашып жатканы менен байланыштуу жана ал убактылуу нерсе", - дейт Шмидт.
Быйылкы суук айрым өлкөлөргө бир топ зыян тийгизди. Маскөө мэри Юрий Лужковдун буйругу менен шаарда эки жүзгө жакын өндүрүш ишканасы жана 40 миң дүкөндүн ар бир онунчусу убактылуу жабылды. Аны менен аларды жылытууга кеткен газ үнөмдөлдү. Бирок ага карабастан, Орусиядан Европага экспорттолгон газдын өлчөмү азайганы да катталды жана ал тууралуу Австрия, Балкан жумурияттары, Италия, Мажарстан, Финляндия билдирди. Анткен менен "Газпром" ишканасынын жетекчилигинин айтымында, андай кокус окуялар болгондо, агылып жаткан газдын көлөмү азайышы мүмкүн деп келишимдерде жазылган.
Жылуулукту камсыз кылууга керектүү газ жана мунай байлыктары боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири Орусия эмне үчүн мындай суукка жакшы күрөшө албаганынын себеби - анын ишканалары жана жылуулук системалары эски бойдон калып жатканында. Андай системалар 70-80 жылдан бери оңдолгон эмес жана ал инфраструктуралар Орусияда өнүкпөгөн мамлекеттердин абалындагыдай.
Эң суук болгон күндөрү Орусияда жылуулукту камсыз кылуу үчүн айрым учурларда 150 миң мегаватт кубат коротулду, өлкө тарыхында мындай коротуу болгон эмес. Ал мезгилде шаарда күнүнө бештен онго чейин адам үшүгөндөн өлүп жатты.
"Вельт ам Зоннтаг" деген немис гезити 23-январда жазгандай, дал ошол себептен мындай кокустуктар же кырсыктар болгондо президент Владимир Путин сыналгы аркылуу чыгып элге кайрылбайт, өлкөнүн мамлекеттик сыналгысы президентти терс эмес, оң гана окуялар менен байланыштырат. Гезиттин жазышынча, "Курск" кемеси кыйраганда, же "Норд-Ост" театрында барымта болгондо дагы Путин унчуккан эмес.