Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:41

Хаменеи Иран АКШнын талабына моюн сунбасын кайталады


Али Хаменеи, Дональд Трамп. Коллаж сүрөт.
Али Хаменеи, Дональд Трамп. Коллаж сүрөт.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи уран байытуудан баш тартуу өлкөнүн кызыкчылыгына “100%” каршы келерин айтып, АКШнын сүйлөшүүлөрдөгү негизги талабын четке какты.

Вашингтондун жаңы ядролук сунушун Тегеранга өткөн ишембиде ортомчу өлкө - Оман тапшырган.

Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн 5 айлампасынан кийин тараптар олуттуу суроолор боюнча мунасага келе элек.

Ислам жумурияты уранды өз аймагында байытууну улантууга дилгир жана жогорку даражада байытылган урандын запасын чет өлкөгө жөнөтүүдөн баш тартууда. Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатын гана көздөрүн айтып келатат.

Хаменеи уранды байытуу атомдук программасынын ачкычы, “душмандар ошого басым жасап жатат” деп Ислам жумуриятынын түптөөчүсү аятолла Рухолла Хомейнинин өлгөн күнүнө арналган теле кайрылуусунда билдирди.

Рейтер агенттиги дүйшөмбү күнү жазгандай, Тегеран Вашингтондун сунушун четке кагууга даяр.

Ак үйгө кайтып келгенден бери АКШнын президенти Дональд Трамп кысымын күчөттү жана сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса санкциялар катаалдаштырыларын, Иранды бомбалоого чейин барарын эскерткени бар.

Америкалык лидер региондогу жарыша куралдануунун, Израилге ыктымал коркунчтун жаралышын алдын алуу үчүн Ислам жумуриятынын өзөктүк курал чыгаруу дараметин чектөөнү кездөйт.

Ирандын диний жетекчилиги, өз кезегинде, катаал экономикалык санкциялардан кутулгусу келет.

2015-жылы Америка жана башка дүйнөлүк державалар Иран менен келишим түзүп, анын уран байытуусуна чектөө коюлган, ордуна экономикалык санкциялар жеңилдетилген. Бирок Трамп 2018-жылы Вашингтонду бул макулдашуудан бир тараптуу чыгарып,“тарыхтагы эң жаман келишим” деп атаган жана Ирандын өзөктүк куралга ээ болушун алдын албай турган макулдашуу катары мүнөздөгөн.

Ал өзү жана ошол кездеги администрация өкүлдөрү Иранды "баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин маңызын бузду” деп айыптап жүрүшкөн.

Трамп ошондой эле бул макулдашуунун алкагында Тегерандан алынган санкцияларды кайра калыбына келтирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG