Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Депутаттар Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун кызматтан кетишин талап кылышууда


БИШКЕК. Бир катар парламентарийлер Коопсуздук кеңешинин катчысын үч өлкөнүн атуулдугун алып жүргөн адамды орун басар кызматына алгандыгы үчүн айыпташууда. Депутат Темир Сариев бүгүн парламентте Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан бир эле учурда Россия, Казахстан, Кыргызстандын атуулдугун алып жүргөндүгүн ырастаган документтери колунда турганын билдирди. Андан мурда Вячеслав Ханды Коопсуздук кеңешине алып келген өзү экендигин Мирослав Ниязов айтып өткөн. Ошондуктан, депутаттар мындай жорукка жол бергендиги үчүн коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан кетүүгө тийиш деп белгилешүүдө.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан «Азаттык» радиосуна сүйлөгөн сөзүндө ага коюлган айыптоолорду негизсиз учурулган деп четке кагып, өлкөдө Корей улутундагыларга каршы атайын акция башталганын айтты.

XS
SM
MD
LG